Жаңылыктар

02.08.2022 (Обновлено: 08.08.2022 13:46)

ЕАЭБдин 10 жылдык статистикасы жарыяланды

Евразия экономикалык комиссиясынын статистика департаменти Евразия экономикалык комиссиясынын он жылдыгына арналган "Евразиялык интеграциянын 10 жылдыгы" деп аталган жыйнакты жарыялап, ага Евразия экономикалык бирлигинин негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча маалыматтар кирди.

ЕАЭБдин валюталардын сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн паритетинин негизиндеги киши башына ИДӨсү дээрлик 34%га өскөн, бул ошол эле мезгил аралыгындагы орточо дүйнөлүк мааниден бир аз көп (32%): 2012-жылдагы 22,8 миң АКШ долларынан 2021-жылда 30,5 миң АКШ долларына чейин.

Бирликте өнөр жай өндүрүшү 20%га өскөн. Салыштыра келсек – Европа бирлигинде 2012-2021-жылдар аралыгында өнөр жай өндүрүшү 10%га, ал эми Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунда (ЭКӨУ) – 8,5%га өскөн. Ошондой эле, 10 жылдын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүндө туруктуу калктын саны, анын ичинде жумушчу күчтүн саны, айыл чарбы продукциясын өндүрүү, транспорттун бардык түрлөрү боюнча жүк жүгүртүмү, товарлар менен өз ара соода өскөн. 2021-жылда ЕАЭБде жумушсуздуктун деңгээли 4,9% түздү, бул Европадагы мындай көрсөткүчтөн бир кыйла төмөн (7%) жана орточо дүйнөлүк жумушсуздук деңгээлинен төмөн (6,2%).

Ошондой эле, 5 жылдын ичинде негизги статистиканы камтыган чөнтөк жыйнагы жарыяланды. Анда ЕАЭБдин аймагы, калкынын саны, эмгек акысы, ЕАЭБдин ИДӨсү, өнөр жай жана айыл чарба өндүрүшү жөнүндө маалыматтар, ошондой эле мүчө мамлекеттердин акыркы беш жыл ичиндеги социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мүнөздөгөн негизги көрсөткүчтөрүн камтыган профилдери келтирилген.

Кененирээк маалымат статистика департаментинин баракчасында "Статистикалык публикациялар" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.