Жаңылыктар

12.08.2022 (Обновлено: 29.08.2022 09:49)

Журналисттерди КМШ жана ЕАЭБ Жаштар форумун чагылдырууга чакырабыз

КМШ жана ЕАЭБ Жаштар форуму 2022-жылдын 25-26-августунда Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл областынын Чолпон-Ата шаарында өткөрүлмөкчү. Форумга Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин жана Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнөн 200 ашуун делегаттар катышышат. Бул жаш активисттер, мамлекеттик кызматкерлер жана ишмердигин жаңыдан баштап жаткан дипломаттар.

Форум жаштардын өз ара аракеттенүү процесстерин кеңейтүүгө, демилгелерди ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө, жаш муундун өкүлдөрүнүн социалдык жана кесиптик өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө багытталган.

ЖМКларды Жаштар форумуна аккредиттөө 17-августка чейин жүргүзүлөт. Аккредиттөөгө өтүнмөнү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин пресс-кызматынын press@mfa.gov.kg электрондук дарегине жиберүү зарыл.

Аккредиттөө үчүн документтердин тизмеги:

- ЖМКнын жетекчилигинин колтамгасы коюлган расмий бланктагы кат (корреспонденттердин, техникалык кызматкерлердин аты-жөнү),

- ЖМК жөнүндө маалыматтар,

- паспорттун скандалган көчүрмөсү,

- 3*4 өлчөмдөгү электрондук түрдөгү фотосүрөт.

Аккредиттөөгө тиешелүү бардык кошумча суроолор боюнча КР Тышкы иштер министрлигинин пресс-кызматы менен байланышууга болот: +996 312 62 65 59, press@mfa.gov.kg.