Евразия экономикалык бирлигинде 7-ноябрда "ЕАЭБ Модели-2023" — Россиянын ТИМ ММЭМИнин, РФ Илим жана жогорку билим министрлигинин, Россия элдер достугу университетинин жана Евразия экономикалык комиссиясынын биргелешкен билим берүү долбоору башталат. Бул уникалдуу формат Бирликтин иштешинин өзгөчөлүктөрүн мыкты түшүнүүгө мүмкүндүк берет.
"ЕАЭБ модели" өзүнө интеграция жаатындагы алдыңкы эксперттердин жана илимий ишмерлердин лекцияларын камтыйт, бүткүл евразиялык мейкиндиктин таланттуу жаштары менен өз ара аракеттенүүгө мүмкүндүк берет, квалификацияны жогорулатуу курсунан өткөндүгү жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү сертификаттарды жана күбөлүктөрдү алууга мүмкүнчүлүк берет, долбоордун катышуучуларына оң эмоцияларды жана баа жеткис тажрыйбаны камсыз кылат.
Долбоорго катышуу үчүн 4-ноябрга чейин "ЕАЭБ модели" сайтында катталуу зарыл: https://eaeumodel.ru/. Андан кийин 7-ноябрдан 23-ноябрга чейин квалификацияны жогорулатуу курсу өтөт.
4-6-декабрда боло турган жыйынтыктоочу, негизги этапта катышуучулар өздөрүн ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн ролунда сынап көрүшөт жана Бирликтин беш органы: Жогорку Евразия экономикалык кеңеши, Евразия өкмөттөр аралык кеңеши, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы, Евразия экономикалык бирлигинин соту үчүн сунушталган күн тартибинин алкагында чечимдерди иштеп чыгышат.
Долбоорго байланыштуу бардык суроолор боюнча: eaeumodel@my.mgimo.ru электрондук почтасы аркылуу кайрылуу керек.
Иш-чара өткөрүлүүчү жер: Россиянын ТИМ ММЭМИ: Москва ш., Вернадский проспектиси, 76. Иш-чара ММЭМИнин Тарбия иштери боюнча башкармалыгынын жана ММЭМИнин Юридикалык клубунун уюштуруучулук колдоосу менен өткөрүлөт.
Сиздерди "ЕАЭБ Модели-2023" иш-чарасында күтөбүз!