Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары Өкмөттөр аралык кеңештин 1-октябрда Ереванда өткөн отурумунда евразиялык "бешилтик" өлкөлөрүнүн жарандык авиация тармагындагы мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча тескемени жактырышты.
Кабыл алынган документке ылайык, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөттөрү 2025-жылдын 1-январына чейин Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) аба кемелеринин учууга жарактуулугу чөйрөсүндөгү ченемдерине жана принциптерине ылайык мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча иштерди уюштурушат.
Атап айтканда, учууга жарактуулугунун сертификаты жок же учууга жарактуулугун убактылуу жоготкон аба кемесин ЕАЭБдин башка мамлекетинин аймагына жылдырууда маалымдоонун тартиби, ошондой эле мындай аба кемесинин учуусуна уруксат берүү үчүн негиздер аныкталат.
"ЕӨАК тескемеси ИКАО стандарттарынын жана мамлекеттердин колдонулуп жаткан практикасынын негизинде, учууга жарактуулук сертификаты жок же учууга жарактуулугун убактылуу жоготкон аба кемесинин учуусуна уруксат берүү үчүн маалымдоо тартиби жана негиздер жөнүндө шайкеш келтирилген ченемдерди иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Кийин мүчө мамлекеттер тарабынан улуттук мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү уюштурулат", – деп белгиледи Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев.
Тескемени жүзөгө ашыруу Бирликтин мейкиндигинде аба транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн жалпы рыногун түзүүгө багытталган.