Жаңылыктар

27.09.2023

ЕАЭБ боюнча айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн баалары жыл башынан бери 2,4%га төмөндөдү

Евразия экономикалык бирлиги боюнча айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн баасы 2023-жылдын августунда 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу 2,4%га төмөндөгөн. Ошол эле учурда өсүмдүк өстүрүүчүлүк продукцияларына баалар 8%га төмөндөгөн, мал чарба продукцияларына баалар 1,3%га жогорулаган.

Декабрга салыштырмалуу ЕАЭБдин бардык мамлекеттеринде айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн баалары төмөндөгөнү белгиленди: Арменияда – 38,1%га, Беларуста - 9,3%га, Казакстанда - 5,5%га, Кыргызстанда – 1,5%га, Россияда – 0,6%га.

Кененирээк статистикалык маалымат ЕЭКтин Статистика департаментинин баракчасында "Айыл чарба продукциясынын өндүрүүчүлөрүнүн баалары" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.