Бул туурасында "Россиянын квалификациясынын улуттук тутуму" IX Бүткүл россиялык форумунун алкагында "Билим берүү жана эмгек рыногу: өз ара аракеттенүү инструменттери" пленардык отурумунда сүйлөгөн сөзүндө Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович билдирди.
ЕЭК Коллегиясынын башчысы белгилеп өткөндөй, Евразия экономикалык бирлигинде жалпы эмгек рыногун түзүү ЕАЭБдин төрт негизги принциптеринин же "эркиндиктеринин" бирин – эмгек ресурстарынын кыймылынын эркиндигин ишке ашырууга таянган.
"ЕАЭБ жарандары үчүн эмгек рыногуна кирүү боюнча чектөөлөр алынып салынган, алар 30 сутканын ичинде милдеттүү каттоодон бошотулган, өз ара билими тууралуу документтер таанылат", – деп мисал келтирди Михаил Мясникович.
Жалпысынан, ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын сөзү боюнча, Внешэкономбанктын эксперттик баалоосуна ылайык, жалпы эмгек рыногу ЕАЭБ жөнүндө келишим тарабынан белгиленген деңгээлден 70%дан ашык, ошол эле учурда товарлар рыногу – 65%га, кызмат көрсөтүүлөр – 45%га, капитал – 40%га жакын деңгээлде ишке ашырылган.
Ошону менен бирге, Михаил Мясникович белгилегендей, бүгүнкү күндө ЕАЭБ өлкөлөрүндө кесиптик стандарттарды түзүү жана квалификацияны көз карандысыз баалоо тутумдары өз алдынча өнүгүүдө.
"Билим берүү мейкиндигинин ченемдерин унификациялоо ЕАЭБде да, КМШда да жок. Мындай жагдай бул чөйрө ЕАЭБдин күн тартибине кирбегендиги менен байланыштуу. Биз бул көйгөйдү көрүп турабыз, чечүүгө аракет кылып жатабыз, бирок Комиссиянын аракеттери азырынча ийгиликсиз болуп жатат. Кырдаал татаалдашууда, адистерди даярдоо шарттарында айырмачылыктар өсүүдө, жана эгерде маселени жогорку деңгээлде чечпесе, анда "өзүбүздүкү/ бөлөк" көйгөйлөрү пайда болушу мүмкүн, буга жол берүүгө болбойт", – деп ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы белгилеп, ЕАЭБ экономикалык бирлик болгонуна карабастан, адамдардын саламаттыгы жана жашоосу артыкчылыктуу бойдон калууга тийиш экенин баса белгиледи.
"Пандемия учурунда адамдардын шайма-шайлыгы төмөндөгөн, бирок кыйынчылыктарды чогуу жеңишкен", – деп Михаил Мясникович мындай практиканы колдонуунун натыйжалуулугун эске салды.
Ал ошондой эле жумушчу менен иш берүүчүнүн ортосундагы адаттагы мамилелерден айырмаланган, санариптик экономиканы өнүктүрүү шарттарында ЕАЭБде иш менен камсыз кылуунун жаңы формалары жөнүндө айтып берди, мисалы, өзүн-өзү иш менен камсыз кылуу, платформада иш менен камсыз болуу, фриланс жана жумушчу турган өлкөдө өкүлчүлүк ачпастан, ишти аткаруу үчүн ЕАЭБдин бир мүчө мамлекетинен кызматкерди башка мүчө мамлекетте жумуш берүүчү тарабынан аралыктан жалдоо.
"Иш менен камсыз кылуунун бул жаңы формалары салттуу, мыйзамдык базага караганда тезирээк өнүгүүдө, демек, укуктук жөнгө салуунун жоктугунан жана айрым учурларды көмүскөдө калтыруудан улам эмгектик укуктук мамилелердин бардык субъекттери үчүн тобокелдиктер түзүлүүдө. Жумуштун бул түрлөрүнүн кызматкерлери эмгекти коргоонун бардык стандарттары менен камтылышы абдан маанилүү", – деп белгиледи Михаил Мясникович.
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын пикири боюнча, бул көйгөйлүү маселелер ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук эрежелерди жакындатуу боюнча ырааттуу ишинде гана чечилиши мүмкүн.
"Азырынча Комиссиянын тиешелүү ыйгарым укуктары жок. Бирок Өкмөттөрдөн ЕЭКке бул маселелерди чечүү укугун берүүнү өтүнөм. Биз буга катышууга даярбыз", – деди Михаил Мясникович.
ЕЭК Коллегиясынын башчысы талап кылынган жумушчулар менен даярдалып жаткан кесиптик билим берүү тутумдарынын ортосундагы тең салмаксыздыкты минималдаштыруу үчүн жумушчуларда бирдиктүү эмгек рыногун болжолдоо жана канааттандыруу механизмин иштеп чыгуу зарылдыгына да көңүл бурду. Комиссиянын бул тапшырмага жообу ишке киргизилген "Чек арасыз жумуш" санариптик программасы болуп саналат, ал ишке орношуу үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн толук циклин, анын ичинде аралыктан алууга мүмкүндүк берет. Бүгүнкү күндө тутумга 643 миңден ашык кайрылуулар келип түшкөн жана 171 миңден ашык колдонуучу бар.
Михаил Мясниковичтин пикири боюнча, ишке орношкон мамлекетте эмгекчилердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн социалдык коргоо жана медициналык камсыздоо тутумуна жеңилдетилген жеткиликтүүлүгү үчүн шарттарды түзүү абдан маанилүү болуп саналат.
"Бул маселе Комиссиянын аянтчасында жигердүү талкууланууда. Каржылоого байланыштуу көптөгөн көйгөйлөр бар. Бирок тема көмүскөдө калбашы керек. Жарандар өз өлкөлөрүнүн гана эмес, Евразия экономикалык бирлигинин да коргоосун сезиши керек", – деп жыйынтыктады ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы.
Михаил Мясникович IX Бүткүл россиялык форумдун талааларындагы талкуулар заманбап шарттарда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн натыйжалуу жалпы эмгек рыногун түзүү үчүн актуалдуу маселелерди чечүүгө жана тиешелүү башкаруучулук чечимдерди кабыл алууга өбөлгө түзөөрүнө үмүтүн билдирди.