Жаңылыктар

08.07.2022 (Обновлено: 21.07.2022 09:28)

ЕЭКте навигациялык пломбада камтылган маалыматты коргоонун бирдиктүү чараларын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун алгачкы отуруму өткөрүлдү

2022-жылдын 7-июлунда Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Максат Мамыткановдун төрагалыгы астында навигациялык пломбада камтылган маалыматты коргоонун бирдиктүү чараларын иштеп чыгуу маселелери талкууланды. Талкуу ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбада камтылган маалыматты коргоонун бирдиктүү чараларын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун ишинин алкагында болуп өттү.
Жумушчу топ 2022-жылдын 19-апрелиндеги Евразия экономикалык бирлигинде ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашуунун жоболорун ишке ашыруунун алкагында түзүлгөн. Анын ишине ЕАЭБ мамлекеттеринин маалыматты коргоо жаатындагы адистери катышышат

Отурумдун катышуучулары навигациялык пломбалардагы маалыматты коргоонун түзүмүн, маалыматты криптографиялык коргоого талапты, навигациялык пломбаларды орнотуу, көзөмөлдөө жана чечүү алгоритмдерин (схемаларын), навигациялык пломбалардагы маалыматты шифрлөөнүн субъектилерин, ошондой эле ЕАЭБде ташууларды көзөмөлдөө максатында нваигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууну ишке ашырууга багытталган ченемдик актыларды иштеп чыгуу маселелерин талкуулашты.

Жумушчу топтун отурумунун натыйжалары боюнча санариптик чечимдерди караштырган бул маселелерге Комиссиянын башка тармактык блокторун, ошондой эле иштелип чыккан механизмдерди ишке ашыруунун тийиштүү ыкмаларын жана мөөнөттөрүн иштеп чыгуу үчүн Бирликтин өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрүн тартуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбада камтылган маалыматты коргоонун бирдиктүү чараларын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун кийинки отуруму ушул жылдын август айынын башына пландаштырылган.