Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валентин Татарицкий 27-сентябрда "Россия энергетикалык жумалыгы" эл аралык форумунун аянтчасында болуп өткөн БРИКС мүчө мамлекеттердин жаңыланган курамын стандартташтыруу боюнча органдардын жетекчилеринин биринчи көздөшүү жолугушуусуна катышты.
Иш-чара Россия Федерациясынын бул эл аралык бирикмеде төрагалыгынын алкагында Росстандарт тарабынан уюштурулган.
Жетекчилер кызматташуунун актуалдуу формаларын жана багыттарын, учурдагы геоэкономикалык шарттарда стандартташтыруу боюнча улуттук органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн перспективаларын талкуулашты.
Жолугушуунун күн тартибине курулушка жана санариптик стандартташтырууга "жашыл" стандарттарды киргизүү маселелери киргизилди. Саламаттыкты сактоо жана айыл чарбанын мисалында жасалма интеллекттин шайкештигин жана стандартташтырылышын баалоо ыкмалары талкууланды. Иш-чаранын катышуучулары коммерциялык компанияларды баалоонун уникалдуу методологиясын киргизүү жана туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүүнүн алкагында ишенимдүүлүктүн, социалдык жана экологиялык жоопкерчиликтин деңгээли боюнча аларды даражага бөлүү боюнча тажрыйба алмашышты. Сактоочу контролдоо жана ширетүүчү өндүрүш тармагында стандартташтыруу боюнча жаңы багыттар каралды.
Валентин Татарицкий Евразия экономикалык бирлигинин техникалык жөнгө салуу тутумунда стандартташтыруунун маанилүүлүгү жөнүндө баяндама менен чыгып сүйлөдү.
"Бүгүнкү күндө биз техникалык жөнгө салуучу катары иштеп жаткан координаттар тутуму стандартташтыруусуз мүмкүн эмес. Анын ачык-айкын, эркин жана ошол эле учурда коопсуз соода үчүн шарттарды түзүү үчүн мааниси талашсыз. Андан тышкары - стандартташтыруусуз техникалык прогресс мүмкүн эмес. Биз муну ИСО жана МЭК стандартташтыруу боюнча эл аралык уюмдардын иштеринин көлөмү боюнча да көрүп жатабыз", – деп баса белгиледи Валентин Татарицкий.
Министр жолугушуунун катышуучуларына быйыл ЕАЭБ жөнүндө келишимге кол коюлганына 10 жыл болгонун эскертип өттү. Бирлик иштеген жылдары биргелешкен аракеттер менен продукцияга карата коопсуздук талаптарын актуалдуу абалда кармап туруу үчүн стандартташтыруу боюнча иштерди координациялоо механизмин ЕАЭБ укугуна интеграциялоо мүмкүн болду. Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучуларына Бирликтин техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө санариптик күн тартибин ишке ашыруунун жүрүшү көрсөтүлдү.
Жыйынтыгында Валентин Татарицкий ЕАЭБдин эл аралык күн тартиби үчүн Комиссиянын БРИКС өлкөлөрү менен диалогго карата жүргүзүлүп жаткан кызматташтыктын көп векторлуулугунун жана ачыктыгынын актуалдуулугун, анын ичинде соодада техникалык тоскоолдуктарды четтетүү үчүн стандартташтыруу инструменттерин колдонуу контекстинде белгиледи.
"БРИКС курамында – ири экономикалар: Бразилия, Египет, Индия, Иран, Кытай, БАЭ, Россия, Эфиопия, Түштүк Африка Республикасы бар. Бул интеграциялык түзүлүштүн дарамети Комиссияны аны менен кызматташууну кеңейтүүгө дем берет. Биз ар кандай: техникалык жөнгө салуу жана стандартташтыруу чөйрөсүндө БРИКС өлкөлөрүнүн түзүмдөрү менен тармактык диалогдордун форматында, ар кандай башка – семинарлар, конференциялар, кызматташтык пландары, меморандумдар форматтарында өз ара аракеттенүүгө ачыкпыз", – деп жыйынтыктады ЕЭК министри.