Жаңылыктар

20.09.2023

2023-жылдын I кварталында ЕАЭБде өз ара түз инвестициялар 2022-жылдын бүтүндөй деңгээлинен 64,3%ды түздү

2023-жылдын I кварталында Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө өз ара түз инвестициялар 2022-жылдын бүтүндөй деңгээлинен 64,3%ды түздү.

Өз ара инвестициялардын таза агымы Арменияда жана Казакстанда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көбөйгөн. Арменияда өз ара инвестициялар 3,2 эсеге, ал эми Казакстанда 43%га өскөн. Беларуста ЕАЭБден түз инвестициялардын агымы 17,7%га, Кыргызстанда – 10,6%га төмөндөгөн.

ЕАЭБдеги негизги инвестор болуп Россия саналат (өз ара инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 86%ы).

Кененирээк статистикалык маалымат ЕЭКтин Статистика департаментинин баракчасында "Өз ара инвестициялар" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.