Атап айтканда, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин Бирликтин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечиминин долбоору талкууланды. Документ укук колдонулуучу иш-тажрыйбаны жана илимий маалыматтарды эске алуу менен, карантинге алынуучу продукциянын айрым түрлөрүнө карата талаптарды тактайт. Аны кабыл алуу Бирликтин карантиндик фитосанитардык коопсуздугун коргоонун жана өсүмдүктөрдөн алынган товарлар менен тышкы жана өз ара соода жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн ортосундагы балансты камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Жумушчу топ ЕЭК Кеңешинин аларды колдонуунун потенциалдуу тобокелдиктерине жараша медициналык буюмардын сапатын башкаруу тутумун аракетке киргизүүгө, колдоого жана баалоого карата талаптарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечиминин долбоорун колдоду. Чечимдин долбоору мындай баалоону алыстан өз ара аракеттенүү каражаттарын колдонуу менен өткөрүү мүмкүнчүлүгүн берет.
Документ COVID-19 жаңы коронавирустук инфекциясынын жайылышына байланыштуу санитардык-эпидемиологиялык чектөөлөрдөн улам медициналык буюмдардын өндүрүштөрүн инспекциялоону инспекторлор тарабынан ишканаларда өткөрүү мүмкүнчүлүгү чектелген шарттарда өзгөчө актуалдуулукка ээ.