News

19.07.2021 (Обновлено: 14.10.2021 13:41)

ЕАЭБде жалпы төлөм мейкиндигин түзүү перспективалары талкууланууда

Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин улуттук валюталарындагы эсеп-кысаптар боюнча эксперттик кеңештин мүчөлөрү перспективдүү төлөм демилгелерин жана Евразия мейкиндигинде чек ара аралык эсеп-кысаптарды өнүктүрүүнү талкуулашты. Отурум Россия Банкында анын Төрагасынын орун басары Ксения Юдаеванын жетекчилиги астында болуп өттү.

Евразия экономикалык комиссиясынын каржы саясаты департаментинин директору Арман Хачатрян отурумда сүйлөгөн сөзүндө чек ара аралык эсеп-кысаптарда улуттук валюталардын колдонулушун кеңейтүү жана жалпы төлөм мейкиндигин өнүктүрүү милдеттери ЕАЭБ жөнүндө келишим менен аныкталгандыгын жана евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарында чагылдырылгандыгын белгилеп өттү.

"ЕАЭБдин жалпы каржы рыногун түзүү боюнча милдеттерди ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн Комиссиянын жана Бирликтин өлкөлөрүнүн каржылык жөнгө салуучуларынын Евразия мейкиндигиндеги төлөм жана эсеп-кысап мамилелерин өнүктүрүү маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүн активдештирүү маанилүү деп эсептейм. Каржы секторун санариптештирүүнү эске алуу менен төлөм жана эсеп-кысап инфраструктурасын түзүүгө карата комплекстүү жана толук мамилелерди иштеп чыгуунун перспективаларын талкуулоо зарыл", – деп Арман Хачатрян баса белгиледи.

Отурумда төлөм инфраструктурасын чек ара аралык өнүктүрүү жана виртуалдык төлөм жана эсеп-кысап аспаптарын колдонууда тобокелдиктерди башкаруу маселелери каралды, ошондой эле бизнестин субъектилерин чек ара аралык жана эл аралык төлөм операцияларынын натыйжалуулугу жөнүндө сурамжылоонун натыйжалары көрсөтүлдү.

Эксперттик кеңештин кийинки отурумунда санариптик каржы технологияларын пайдалануу жана Бирликтин мүчө мамлекеттеринде санариптик валюталарды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо, ошондой эле ЕАЭБдин жалпы төлөм мейкиндигин түзүүнүн перспективалары жөнүндө пикир алмашуу пландаштырылууда.

Эксперттик кеңештин ишинде Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин улуттук (борбордук) банктарынын, Евразия экономикалык комиссиясынын, ошондой эле академиялык жана бизнес-коомдоштуктардын өкүлдөрү катышышты.