Жаңалықтар

21.07.2021 (Обновлено: 14.10.2021 13:28)

ЕАЭБдин жана Ирандын ортосунда эркин соода жөнүндө макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөр башталды

Тегеранда, 2019-жылдын октябрынан тарта аракеттенип келе жаткан Убактылуу макулдашууну алмаштыруучу, бир тараптан Евразия экономикалык бирлигинин жана анын мүчө мамлекеттеринин жана, экинчи тараптан, Иран Ислам Республикасынын ортосунда эркин соода жөнүндө макулдашууну түзүү маселелери боюнча сүйлөшүү делегацияларынын жолугушуусу болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар жакында болуп өтүүчү сүйлөшүүлөргө карата техникалык тапшырманын долбоорун талкуулашты, ошондой эле документтин ыктымалдуу мазмуну боюнча пикир алмашышты.

"Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча биздин өз ара аракеттенүүбүздүн учурдагы Убактылуу макулдашууга салыштырмалуу жаңы милдеттерин – товардык камтууну кеңейтүүнү, тармактык кызматташтыкты колдоону жана мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө тармактык транспаренттүүлүктү колдоону талкуулоо, ошондой эле, сүйлөшүүлөргө эки тараптын тең мамилелеринин окшоштугун эске алуу менен, иштин олуттуу бөлүгүн кыска мөөнөттөрдө аткаруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө келишкендиктерге жетишилди", – деп Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнёв белгиледи.

Макулдашууну түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн толук форматтуу раунду ушул жылдын сентябрь айына пландаштырылган.