Бул сурамжылоо барагы бул продукциялардын ББнын техникалык талаптарына ылайык келүүсүн баалоо (ырастоо) менен байланышкан иш-чара өткөрүүгө жеңил өнөр жайынын продукцияларын өндүрүү жана жүгүртүү рыногунда аракеттенүүчү субьектилердин чыгымдарын субсидиялоонун максатка ылайыктуулугун аныктоо максатында азыркы учурда жеңил өнөр жай продукцияларын өндүрүү жана сатып өткөрүү рыногунда түзүлгөн кырдаал тууралуу маалыматтарды топтоого багытталган.
Аталган иш-чара ишкердик субъектилерине колдоо көрсөтүүгө, продукциянын ылайыктыгын милдеттүү ырастоо зарылдыгына байланышкан чыгымдарды төмөндөтүүгө, ББга жана БЭМге мүчө мамлекеттердин лабораториялык базасын кеңейтүүгө, көмүскө импортту азайтууга багытталууга тийиш.
Бул продукциялардын ББ техникалык регламенттеринешайкештигин баалоого (ырастоого) кеткен жеңил өнөр продукцияларын өндүрүүчүлөрдүн жана сатуучулардын чыгымдарын субсидиялоонун мүмкүндүгү жана максатка ылайыктуулугу жөнүндө экономикалык негиздүү чечимди кабыл алуу үчүн иш жүзүндөгү маалыматтарды алуу үчүн тиркелген сурамжылоо барагын толтурууну (респонденттердин категориясына жараша) жана 2014-жылдын 15-сентябрына чейинки мөөнөттө төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүүнү өтүнөбүз.