Жаңалықтар

22.07.2021 (Обновлено: 14.10.2021 13:32)

ЕАЭБде аванстык төлөмдөрдү алып келүү бажы алымдарын төлөө эсебине чегерүү мүмкүнчүлүгү пайда болду

2021-жылдын 1-августунда ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары тарабынан 2019-жылдын октябрында кол коюлган Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол күчүнө кирүүдө.

Протоколго ылайык аванстык төлөмдөрдү алып келүү бажы алымдарын, ошондой эле атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөөнүн эсебине чегерүү мүмкүнчүлүгү белгиленүүдө.

Буга чейин тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучусу аванстык төлөм катары төккөн акча каражаттарын аталган алымдарды төлөө үчүн колдонуу мүмкүн эмес болчу. Бул төлөөчүлөрдүн алымдардын ар бир түрүн төлөө үчүн бир нече төлөм тапшырмаларын жол-жоболоштуруусуна алып келчү.

Жаңы мамилени колдонуу бажы төлөмдөрүнүн бардык түрлөрүн жана башка төлөмдөрдү аванстык төлөмдөрдөн алууга мүмкүндүк берет.

Бул өзгөртүүлөр тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларынын каржылык жана убакыт чыгымдарын азайтууга мүмкүндүк берет жана келип түшүп жаткан акча каражаттарын бажы органдары тарабынан тескөө-башкарууну жеңилдетет.