ТЕХНИКАЛЫК ЖӨНГӨ САЛУУ ЖАНА СТАНДАРТТАШТЫРУУ​

     

Евразия экономикалык биримдигинин алкагында жүгүртүлгөн продукциянын коопсуздугу техникалык регламенттерди колдонуу аркылуу камсыздалат ​

Евразия экономикалык биримдигинин техникалык регламенти - Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан кабыл алынган жана Биримдиктин аймагында техникалык жөнгө салуунун объекттерине карата колдонуу жана аткаруу үчүн милдеттүү талаптарды аныктоочу документ. ​

Евразия экономикалык биримдигинин техникалык регламенттери коопсуздук чөйрөсүндөгү эң маанилүү кызыкчылыктарды камсыздоо үчүн кабыл алынат.​



Биримдиктин техникалык регламенттерин иштеп чыгуу, кабыл алуу, өзгөртүү жана жокко чыгаруу Комиссия тарабынан бекитилген тартипте ишке ашырылат​


 
Стандарт - техникалык регламенттерди жүзөгө ашыруунун негизги инструменти; көп ирет колдонуу максатында продукциянын мүнөздөмөсү, долбоорлоо (анын ичинде издөөлөр), өндүрүү, куруу, монтаждоо процесстерин ишке ашыруунун жана мүнөздөөнүн эрежелери аныкталган документ, атап айтканда: жөнгө салуу, пайдалануу, сактоо, ташуу, сатуу жана утилизациялоо, иштерди аткаруу же кызмат көрсөтүү, изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана ченөөлөрдүн эрежелери жана ыкмалары, үлгүлөрдү тандоо эрежелери, терминологияга, символикага, таңгакка, маркировкалоого же этикеткаларга жана аларды чаптоо эрежелерине карата талаптар.​
 




Талаптарды ыктыярдуу негизде аткарууну камсыздаган талаптар



Сыноо ыкмаларын камтыган стандарттар ​





Стандарттардын тизмелерин иштеп чыгуу жана кабыл алуу Комиссия тарабынанбекитилген тартипте жүргүзүлөт.​

 

 

Техникалык жөнгө салуу жана стандартташтыруу чөйрөсүндө суроолорго жооптор
«Актуалдуу маселелер» бөлүмүндө жайгаштырылган