Соода

темасындагы жаңылыктар «Соода»

20 Feb 2024 Андрей Слепнев: "Глобалдык Түштүк өлкөлөрү менен кызматташуунун инструменти болуп соода келишимдери, логистика, каржы жана технологиялар саналат" Мындай пикирин Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев Стратегиялык демилгелер агенттиги жана Росконгресс фонду тарабынан уюштурулган "Жаңы мезгил үчүн күчтүү идеялар" форумунун "Эгемендүүлүктөр достугу: адилеттүү эл аралык өнөктөштүктүн механизмдери" сессиясында сүйлөгөн сөзүндө билдирди. "Бир нече жылдан бери ЕАЭБде биз озуп бараткан өсүштү жана тышкы соодага караганда өз ара сооданын жакшыраак түзүмүн байкап жатабыз. Өткөн жылы соода дээрлик 10%га өсүп, биз дагы бир рекордго жетиштик – жана мунун бардыгы санкциялардын жана чектөөлөрдүн шарттарында болуп жатат. Ошол эле учурда улуттук валюталарда өз ара эсептешүүлөр 90%дан ашты, – деп белгиледи министр. – Башкача айтканда, бардык көйгөйлөргө карабастан, биздин жалпы механизмдер жакшы жыйынтыктарды берип жатат. Мындай терминдерде биз кимдер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алабыз. Биринчи кезекте, глобалдык Түштүктүн тез өнүгүп келе жаткан өлкөлөрү менен". Андрей Слепнев эскертип өткөндөй, өткөн жылдын декабрь айында Иран менен эркин соода жөнүндө дымактуу келишимге кол коюлган. Мунун аркасында, бүгүнкү күндө эркин соода зоналары боюнча өнөктөштөр менен бирге эсептегенде үч жүз миллионго жакын адамды түзгөн биздин рынок, дагы 90 миллионго өстү. Азыр Египет, БАЭ, Индонезия менен жигердүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, Монголия менен сүйлөшүүлөр башталып, Индия багыты менен сүйлөшүүлөр алдыда. "Башкача айтканда, биз бул программаны аткарсак, 2 миллиарддан ашык керектөөчүгө эркин соода аймагын алабыз. Бул чындыгында эле өнүгүү үчүн олуттуу негиз", – деп баса белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри. Ошол эле учурда, Евразия экономикалык бирлигинин дүйнөдө санаалаштары көп экендиги маанилүү. Мисал катары, "Түндүк – Түштүк" экономикалык коридорун алсак, ЕАЭБ да, Иран да, Индия да импортту алмаштыруу программаларын жана өздүк технологиялык платформаларды жигердүү өнүктүрүп жатышат. Кытай бул ишти кеңири номенклатура боюнча аткарды. Ошентип, келечектин технологиялары үчүн табигый коллаборация жөнүндө айтууга болот. Андрей Слепнев быйыл Россиянын БРИКСтеги төрагалыгынын алкагында күтүлүп жаткан дискуссиялар тышкы оюнчулардын кысымына туруктуу, адилеттүү эсептешүүлөрдүн механизмдерин түзүүгө практикалык түрткү берет деген үмүтүн билдирди. Анын айтымында, эртеби же кечпи сөзсүз түрдө эсептешүүлөрдү санариптик валюталарда жүргүзүүгө өтүү болот, бул тышкы соода агымдарын тейлөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. "Форумдун аталышын эске алганда, эл аралык кызматташуу үчүн чындыгында көптөгөн жаңы идеялар керек экендиги өзүнчө тема болуп саналат: жасалма интеллект, электрондук соода, климаттык технологиялар, логистикалык чечимдер чөйрөлөрүндө – мунун бардыгы идеяларды жана конкреттүү инструменттерди талап кылат", – деди сөзүнүн аягында Андрей Слепнев. Талкууга ошондой эле: Россиялык экспорттук борборунун вице-президенти Роман Генкель, Россия Федерациясынын Армения Республикасындагы соода өкүлү Анна Донченко, Г.В. Плеханов атындагы Россия экономикалык университетинин ректору Иван Лобанов, Евразиялык интеграция илимий борборунун эксперттик тобунун жетекчиси Олег Ногинский, Роскызматташтыктын жетекчисинин орун басары Дмитрий Поликанов, "Ишкер Россия" жалпы россиялык коомдук уюмунун президенти Павел Титов, "Африка үйү" АКЭУ башкы директору Серж Фокас Одунлами, Россиядагы Америкалык Соода палатасынын президенти Роберт Эйджи катышышты. Иш-чаранын модератору "Орус Медиатобу" АКнын башкы директору Любовь Маляревская болду.
14 Feb 2024 ЕАЭБ өлкөлөрү ДСУнун Министрлер конференциясынын алдында "сааттарды салыштырышты" Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепневдун төрагалыгы астында Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин жана Евразия экономикалык комиссиясынын Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) маселелери боюнча өз ара иштешүүсү боюнча жумушчу топтун IV отуруму болуп өттү. "Жумушчу топтун ишмердүүлүгү актуалдуу темаларды талкуулоого жана позицияларды мүмкүн болушунча жакындатууга багытталган. Азыр биз ушул айдын аягында Абу-Дабиде өтө турган Министрлер конференциясынын XIII сессиясынын алдында чогулдук, - деп белгиледи министр. – Биз үчүн азыр ДСУнун бардык мүчөлөрү тарабынан жыйынтыктоочу чечимдерди жана декларацияларды макулдашуу боюнча жигердүү талкуулар жүргүзүлүп жаткан учурда, көп тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү жөнүндө маалымат алмашуу жана алдыдагы ДСУнун Министрлик конференциясынын күн тартибиндеги маселелерди кароого биздин мамлекеттердин мамилесин салыштыруу маанилүү. Өзгөчө, ЕЭКтин жана биздин Бирликтин компетенциясына түздөн-түз байланышкан маселелер боюнча".  Жолугушуунун катышуучулары ДСУнун талаш-тартыштарды чечүү боюнча органынын толук кандуу иштешин камсыздоо, ДСУнун талаш-тартыштарды чечүү тутумун ачыктык, инклюзивдүүлүк жана транспаренттүүлүк принциптеринин негизинде реформалоо маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарылдыгы жөнүндө маалымдашты. Ошондой эле тараптар Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын чечимдеринин негизинде начар өнүккөн категориядан чыгарылган өлкөлөр үчүн "жай" өтүү концепциясын өнүктүрүү жана ишке ашыруу жаатында ДСУнун аракеттерин колдоорун билдиришти. Транзит маселелерин талкуулоонун маанисине жана деңизге чыга албаган мамлекеттердин кызыкчылыктарын, анын ичинде ДСУнун Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча комитетинин транзит боюнча атайын сессияларынын жүрүшүндө эске алууга көңүл бурулду. ДСУнун XIV Министрлер конференциясы өткөрүлө турган күнгө чейин маалыматтарды электрондук берүүгө карата бажы алымдарын алууга мораторийди узартуунун маанилүүлүгү баса белгиленди. "Бардык өлкөлөр Дүйнөлүк соода уюмуна кошулуу боюнча Беларустун сүйлөшүүлөр процессине колдоо көрсөтүштү", – деди Андрей Слепнев аягында. Маалымат ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин жана Евразия экономикалык комиссиясынын Дүйнөлүк Соода Уюмунун маселелери боюнча өз ара иштешүүсү боюнча жумушчу тобу 2021-жылы түзүлгөн. Жумушчу топтун курамына ДСУ менен өз ара аракеттенүү үчүн жооптуу мамлекеттик органдардын жетекчилигинин өкүлдөрү кирет.
09 Feb 2024 Андрей Слепнев: "Иранда жана башка келечектүү өнөктөш өлкөлөрдүн аймактарында ЕАЭБдин соода үйлөрүн түзүү жөнүндө демилгени иштеп чыгуу зарыл" Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев Россиянын өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинде (РӨИБ) Россиялык бизнес жумалыгы-2024 алкагында өткөн "Россия 2030 жана жаңы дүйнөлүк экономикалык тартип: бизнестин негизги факторлору жана ролу" эл аралык форумунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Министр иш-чаранын катышуучуларына өткөн жылдын аягында Иран менен толук форматтуу эркин соодалашуу жөнүндө макулдашууга кол коюунун натыйжасында бул өлкөнүн рыногуна кирүүнүн эксклюзивдүү шарттарына жетишилгендигин эскертти. "Убактылуу макулдашуу колдонулуп жаткан мезгилде эле биз сооданы эки эсеге көбөйттүк. Туруктуу макулдашуу күчүнө киргенден кийин, мындай эки эсе өсүүнү кыска мөөнөттө кайталайбыз деп ишенебиз. Азыркы учурдагы 6 млрд доллар көлөм менен салыштырмалуу, Иран менен соодабызды болжол менен үч жылдын ичинде 12 млрд долларга чыгарып, андан кийин дагы 18-20 млрд долларга чейин көбөйтөбүз деп ишенебиз", – деди ал. Ошол эле учурда, Андрей Слепневдун айтымында, сооданын дароо өсүшү үчүн бир эле соода келишими жетишсиз. Ал соода үйлөрүн түзүү жөнүндө демилгени бөлүп көрсөттү, мындай демилгени бир нече жолу РӨИБ көтөргөн. "Бул демилгени кантип туура түзүүнү чогуу ойлонушубуз керек. Биз стандарттуу эмес ыкмалар керек болгон татаал рынокторго чыгып жатабыз", – деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри. Буга байланыштуу Андрей Слепнев Индонезия жана БАЭ менен эркин соода жөнүндө сүйлөшүүлөр азыр активдүү жүрүп жатканын, ЕЭК Египет менен финалдык сүйлөшүп келишкендиктерге жетишүүгө ниеттенгендигин маалымдады. Мындан тышкары, Комиссия бул өлкөнүн "Түндүк – Түштүк" экономикалык коридору үчүн маанисин эске алуу менен, индиялык тректи күчөтүүгө үмүттөнөт. "Биз биринчи эркин соода жөнүндө келишимди түзгөн Вьетнамга да көңүл бургум келет. Чындыгын айтканда, бизнестин бул багытта аракеттери көңүл жылытарлык эмес: жаңы компаниялар өнөктөштүн рыногуна жигердүү кирбей жатат. Бирок өлкө регионго кирүүчү дарбаза деа айтууга болот, жана ал жакта бизге абдан жакшы мамиле жасалып жатат, ошондуктан мен бизнеске бул өлкөнү жакшылап кароону сунуштайм", – деп Андрей Слепнев ишкерлерге кайрылды. Ал Кытай менен өз ара мамилелерге өзүнчө токтолду. Бир жагынан эң ири дүйнөлүк экономиканын экономикалык өсүшү басаңдап жатса, экинчи жагынан КЭР менен ЕАЭБдин соода-экономикалык байланыштары кескин өсүүдө. ЕЭК азыркы учурда тиешелүү маалыматты талдап жана кытайлык өнөктөштөр менен соода агымдарын тең салмактоо боюнча макулдашууларга жетишүүгө ниеттенүүдө. "КЭР менен болгон преференциялык эмес макулдашуунун алкагында бизге "тар" болуп жатат деп айтууга болот: өз ара аракеттенүүнүн масштабы 2015-жылы түптөлгөн алкактан чыгып жатат. Азыркы тапта окумуштуулар биздин соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү перспективалары боюнча иштеп чыккан сценарийлерди практикалык талкуулоону жүргүзүп жатабыз. Алар ар кандай: азыркы макулдашууну жеткире иштеп чыгуу сценарийи бар, эркин соода аймагы боюнча көп убакыттан бери Кытай сунуштап жаткан сценарий бар (ага азырынча биз даяр эмеспиз деп ойлойм), чектелген преференциалдык камтуу боюнча аралык сценарий бар, анда белгилүү перспективалар бар. Бул жерде да биз бизнес менен тыгыз иштешүүгө ишенебиз", – деп Андрей Слепнев кытай темасын жыйынтыктады. Дискуссиянын катышуучуларынын чыгып сүйлөөлөрүнө пикирин билдирүү менен ЕЭК министри климаттык өзгөрүү темасын да козгоду. Бул жерде, анын пикири боюнча, азыркы учурда дүйнөдө практикалык жактан эки "ой мектеби" бар: же АКШдагыдай масштабдуу субсидиялоо, бул өндүрүштөрдүн алардын рыногуна кайра агылышын жеңилдетет, же Европадагыдай протекционизм, ал чек аралык түзөтүүчү көмүртек механизмин киргизүү менен байланышкан. "Менин оюмча, биз ЕАЭБ, ШКУ жана БРИКСтеги өнөктөштүктүн алкагында бул багытта өз ыкмабызды иштеп чыгышыбыз зарыл. Соода менен алектенген адам катары мен, албетте, бул ыкма өз ара соода жүргүзүүдө тоскоолдуктарды камтыбашы керек деп так айта алам. Биз координацияланган саясат жөнүндө макулдашып алышыбыз керек", – деп толук ишенет министр. Анын айтымында, тиешелүү сунуштар даярдалып жатат. Иш-чарага ошондой эле Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук; Россия Федерациясынын экономикалык өнүктүрүү министри Максим Решетников; ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян; Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматынын жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу Руслан Давыдов; РӨИБ интеграция, соода-бажы саясаты жана ДСУ боюнча комитетинин төрагасы, "Северсталь" ААКнын директорлор кеңешинин төрагасы Алексей Мордашов; РӨИБ эл аралык кызматташуу боюнча комитетинин төрагасы, "РЕНОВА" МИ директорлор кеңешинин төрагасы Виктор Вексельберг ж. б. катышышты. Талкуунун модератору РӨИБ президенти Александр Шохин болду.
02 Feb 2024 "Евразиялык агроэкспресс" 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча жогорку маржиналдык азык-түлүктүн экспорттук жеткирүүлөрүн 6%га көбөйттү Бул туурасында 2-февралда Алматыда (Казакстан Республикасы) Евразия өкмөттөр аралык кеңешине сунушталган, айыл чарба продукцияларын жана азык-түлүктөрдү тездетилген темир жол жана мультимодалдык ташууларды жүзөгө ашыруу боюнча Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин биргелешкен долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө баяндамада айтылат. "Экспортто эң чоң өсүштү дан-буурчак (4 эседен ашык), ошондой эле май-тоң продукциясы (болжол менен 20%) көрсөттү", – деп билдирди Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев. Учурда долбоордун негизги транспорттук багыты Кытай болуп саналат. Ошондой эле өткөн жылы "Түндүк-Түштүк" эл аралык транспорттук коридорунун чыгыш багыты боюнча Индия менен Иранды көздөй контейнердик поезддер менен жеткирүүлөр жүргүзүлгөн. Өзбекстан Республикасына пилоттук жеткирүү аткарылган, ошондой эле БАЭ багытында жөнөтүүлөрдү иштеп чыгуу жүргүзүлүүдө. "Бирлик өлкөлөрүнүн аймагында өндүрүлгөн сапаттуу азык-түлүктүн перспективдүү рынокторго жеткиликтүүлүгүнө карата чектөөлөрдү алып салуу боюнча аракеттерди күчөтүүнү пландаштырып жатабыз. Биз мындай ишти системалык негизде жүргүзөбүз жана натыйжалардын бири Кытайга продукцияны темир жол менен түздөн-түз жеткирүүлөрдүн кайра башталышы болду, учурунда кытайлык тарап ага жеткиликти ковидге каршы чараларга байланыштуу чектешкен, – деп белгиледи Андрей Слепнев. – Азыркы тапта эт, канаттуулар, сүт жана кондитердик азыктарды Достык – Алашанькоу аркылуу кайра иштетүүгө мүмкүн болду. Жакын арада кеминде дагы үч чек ара өткөөлүнүн ачылышы биздин өлкөлөргө жеткирүүлөрдүн сезилерлик өсүшүнө мүмкүндүк берет, биз буга көңүл буруп жатабыз". Баяндаманы кароонун жыйынтыктары боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары долбоорду ишке ашырууну улантууну колдоорун билдиришти, ошондой эле экспорттолуучу продукциянын багыттарын кеңейтүүнүн жана көлөмүн көбөйтүүнүн артыкчылыгын ырасташты. Маалымат Айыл чарба продукцияларын жана азык-түлүктөрүн үзгүлтүксүз өз ара жеткирүүнү, ошондой эле азиялык жана европалык багыттарында экспорттук жеткирүүлөрдү өнүктүрүү максатында "Евразиялык агроэкспресс" тездетилген темир жол жана мультимодалдык ташууларды жүзөгө ашыруу боюнча ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин биргелешкен долбоорун ишке ашыруу жөнүндө демилге Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2022-жылдын 25-февралындагы № 3 тескемеси менен колдоого алынган. 2023-жылы "Евразиялык агроэкспресс" менен ташуулардын жалпы көлөмү 450 миң тоннадан ашкан. Мында жүк базасынын негизги номенклатурасын май-тоң май, мөмө-жемиш жана консервалык, дан-буурчак продукциясы, ошондой эле тооктун эти жана уйдун эти түзгөн.
Дагы көрсөтүү

Темасындагы чечимдер «Соода»

12
20.02.2024 Решение Коллегии ЕЭК № 12 О порядках совершения действий национальных операторов, уполномоченных операторов (органов) и контролирующих органов, задействованных при снятии навигационных пломб в пути следования (перевозки) по территориям государств – членов Евразийского экономического союза без прекращения наблюдения за объектом отслеживания и их последующем наложении, при замене навигационной пломбы в пути следования (перевозки) объекта отслеживания по территориям государств – членов Евразийского экономического союза, и случаях, при которых навигационная пломба может быть снята либо допускается ее замена в пути следования (перевозки) объекта отслеживания
11
20.02.2024 Решение Коллегии ЕЭК № 11 Об исполнении Решения Коллегии Суда Евразийского экономического союза от 12 июля 2023 г.
10
20.02.2024 Решение Коллегии ЕЭК № 10 О внесении изменения в единую Товарную номенклатуру внешнеэкономической деятельности Евразийского экономического союза, а также в перечень чувствительных товаров, в отношении которых решение об изменении ставки ввозной таможенной пошлины принимается Советом Евразийской экономической комиссии, в отношении отдельных видов аккумуляторов
15
20.02.2024 Распоряжение Коллегии ЕЭК № 15 О проекте решения Совета Евразийской экономической комиссии «О внесении изменений в Правила проведения исследований биоэквивалентности лекарственных препаратов в рамках Евразийского экономического союза»
14
20.02.2024 Распоряжение Коллегии ЕЭК № 14 О проекте решения Совета Евразийской экономической комиссии «О внесении изменений в Решение Совета Евразийской экономической комиссии от 3 ноября 2016 г. № 83»
Слепнев Андрей Александрович
Слепнев Андрей Александрович
Слепнев Андрей Александрович
Слепнев Андрей Александрович
Слепнев Андрей Александрович
Слепнев Андрей Александрович
Слепнев Андрей Александрович
0/0