Иманалиев Данияр Шаршенбекович

Иманалиев Данияр Шаршенбекович

Биография

1980-жылы 21-апрелде Бишкек шаарында төрөлгөн, Кыргыз Республикасы.

2003-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин "Бизнес экономикасы" адистиги боюнча аяктаган, Бишкек, Кыргызстан

2012-жылы Рицумейкан университетин "Экономикалык өнүгүү" адистиги боюнча аяктаган, Киото, Япония

2004-жылы Илим жана интеллектуалдык менчик мамлекеттик агенттигине (КыргызПатент) караштуу Мамлекеттик инновациялык технологиялар борборунда I категориядагы адис болуп иштеген.

2004-2006-жылдары — Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Жаштар иштери боюнча комитетинин координатору.

2006-2009-жылдары — Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Орто мөөнөттүү болжолдоо башкармалыгынын башкы адиси.

2009-жылы — Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин МЖӨ долбоорлору боюнча фискалдык тобокелдиктерди башкаруу секторунун башчысы.

2009-2010-жылдары — Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин Бюджет кызматынын эксперти.

2012-2014-жылдары — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын аймактык өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн эксперти.

2014-2015-жылдары — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн интеграциялык процесстер жана макроэкономика секторунун башчысы. 

2015-жылдан 2018-жылга чейин — Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары.

2018-жылы — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы.

2018-жылдан 2021-жылга чейин — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы.

2021-жылдын февралынан 2021-жылдын октябрына чейин — Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин биринчи орун басары.

2021-жылдын 10-ноябрынан тартып — Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы инфраструктурасы департаментинин директору.