Сагинтаев Бакытжан Абдирович

Сагинтаев Бакытжан Абдирович

Биография

1963-жылдын 13-октябрында Казакстандын Жамбыл областынын Талас районунун Ушарал айылында төрөлгөн.

С.М. Киров атындагы Казак мамлекеттик университетин бүтүргөн, экономика илимдеринин кандидаты (1990-ж., темасы: "Шаар жана айыл калкынын жашоо деңгээли жана шарттары: социалдык-экономикалык аспект").

Эмгек ишмердиги:

1985-1988-жылдарда – Алма-Ата эл чарба институтунун саясий экономия кафедрасында мугалим.

1988-жылдан 1992-жылга чейин – С.М. Киров атындагы Казак мамлекеттик университетинин социология кафедрасында ассистент, ага мугалим, доцент.

1992-1993-жылдарда – "Маруе" туристтик-коммерциялык фирмасынын президенти.

1993-1997-жылдар аралыгында – "Казмет" АКнын башкы директору.

1997-1998-жылдарда – "Лукойлнефтегазстрой-К" ЖАКнын башкы адиси, башкы директорунун орун басары.

1998-жылдан 2002-жылга чейин – Жамбыл областынын акиминин орун басары, Казакстан Республикасынын Чакан бизнести колдоо боюнча агенттигинин төрагасынын орун басары, "Чакан ишкердикти өнүктүрүү фонду" ЖАКнын башкармасынын төрагасы, Казакстан Республикасынын Табигый монополияларды жөнгө салуу, атаандаштыкты коргоо жана чакан бизнести колдоо боюнча агенттигинин төрагасынын орун басары.

2002-2004-жылдар аралыгында – Казакстан Республикасынын Табигый монополияларды жөнгө салуу жана атаандаштыкты коргоо агенттигинин төрагасынын биринчи орун басары.

2004-2007-жылдарда – Казакстан Республикасынын Табигый монополияларды жөнгө салуу боюнча агенттигинин төрагасы.

2007-2008-жылдарда – Казакстан Республикасынын Премьер-Министринин Канцеляриясынын жетекчиси.

2008-жылдан 2012-жылга чейин – Павлодар областынын акими.

2012-жылы – Казакстан Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри.

2012-жылдын сентябрынан 2013-жылдын январына чейин – "Нур Отан" Элдик-демократиялык партиясынын төрагасынын биринчи орун басары.

2013-жылдан тарта – Казакстан Республикасынын Премьер-Министринин биринчи орун басары – Казакстан Республикасынын регионалдык өнүгүү министри.

2014-жылдан тарта – Казакстан Республикасынын Премьер-Министринин биринчи орун басары.

2016-2019-жылдарда – Казакстан Республикасынын Премьер-Министри.

2019-жылдын 1-мартынан 24-мартына чейин – Казакстан Республикасынын мамлекеттик катчысы.

2019-жылдын март айынан июнь айына чейин – Казакстан Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси.

2019-жылдан 2022-жылга чейин – Алмата шаарынын акими.

2022-жылдан 2023-жылга чейин – Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечими менен 2024-жылдын 1-февралынан баштап ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы болуп дайындалды.

   Төмөнкү ордендер менен сыйланган: Курмет ордени (2008-ж.), Парасат ордени (2013-ж.), III даражадагы Барыс ордени (2021-ж.).


14 2016 ЕАӨБ конференциясында ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисяндын сүйлөгөн сөзүнүн тезистери, “Ведомости” гезитинде жарыяланган: “Жетишсиз интеграцияны жеңип чыгуу” Евразия мейкиндигинде экономикалык өсүш үчүн али колдонула элек зор потенциал бар эсептейм. Биздин өлкөлөрдүн экономикалык өсүшүнө күчтүү өбөлгө бере ала турган негизги инструмент, бүгүнкү күндө түзүлгөн дал ушул улуттуктун үстүндөгү институт болушу мүмкүн деп ойлойм. Анткени биздин негизги миссиябыз - өлкөлөрдө топтолгон эң мыкты тажрыйбаларды жалпылай алышыбыз керек, жана ошондой эле эл аралык тажрыйбага, Европалык союздун тажрыйбасына таянуу менен, биздин өлкөлөрдө экономикалык өсүштү өбөлгөлөй ала турган бул жаңы улуттуктун үстүндөгү институттарды жайылтуу болуп саналат. Биздин Биримдик келишиминин негизинде жаткан аксиоматика төмөнкүдө турат: эгерде биз бирдиктүү экономикалык мейкиндик түзсөк, тоскоолдуктарды, чектөөлөрдү жана алып коюуларды четтетсек, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтөрдүн эркин кыймылы үчүн шарттарды түзсөк, мунун өзү экономикалык өсүш үчүн олуттуу потенциал жаратат.
0/0