Жаңылыктар

03.03.2022 (Обновлено: 22.03.2022 17:41)

Армениянын жана Россиянын агрардык жогорку окуу жайлары шарап жасоочулук боюнча биргелешкен билим берүү долбоорун башташты

2-мартта Армениянын Улуттук агрардык университетинин жана Россия мамлекеттик агрардык университети – К.А. Тимирязев атындагы Москва айыл чарба академиясынын студенттери үчүн алкоголдук ичимдиктердин сапатын баалоонун сенсордук ыкмалары жана аларды өндүрүүнүн укуктук-ченемдик негиздери боюнча алгачкы биргелешкен лекция өткөрүлдү.

"Эки агрардык жогорку окуу жайынын өз ара аракеттенүүсүнүн мындай форматы Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси үчүн кадрларды даярдоо жаатындагы өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү боюнча меморандумду ишке ашыруунун натыйжасы болду. Аталган документке 2021-жылдын ноябрь айында Бирликтин өлкөлөрүнүн билим берүү жана айыл чарба чөйрөсүндөгү аткаруучу бийлик органдары тарабынан кол коюлган жана мамлекеттер аралык жогорку окуу жайларынын кызматташтыгынын өнүгүүсү үчүн жаңы импульс берди", – деп ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян баса белгиледи.
Атап айтканда, Армениянын Улуттук агрардык университети жана Тимирязев академиясы, аталган өлкөлөрдөгү жогорку шарап жасоочулук маданиятын жана илимий-билим берүү чөйрөсүндөгү тажрыйбасын эске алуу менен, пилоттук билим берүү курсу катары шарап жасоочулук боюнча курсту баштоо жөнүндө келишишти.
Учурдагы окуу семестринде эки жогорку окуу жайында тең өз ара кызыгууга ээ болгон дисциплиналар боюнча онлайн режиминде лекциялык жана практикалык сабактар башталды. Мисалы, эми Тимирязев академиясынын студенттери Армениянын Улуттук агрардык университетинин мугалимдери бөлүшкөн, шарап маркетингин жана шарап туризмин уюштуруу боюнча жаңы билимдерди ала алышат. Россия мамлекеттик агрардык университети – Москва айыл чарба академиясы тарабынан уюштурулган сабактардын жүрүшүндө армян окуу жайынын студенттери алкоголдук ичимдиктердин сапатын баалоонун сенсордук ыкмалары жана аларды өндүрүүнүн укуктук-ченемдик негиздери жөнүндө биле алышат.

Бул биргелешкен долбоордо аталган агрардык жогорку окуу жайларынын профилдик кафедраларында окуган 50 чамасындай угуучу катышат. Студенттерге семестрдин жыйынтыктары боюнча тийиштүү сертификаттар берилет, ал эми курстун натыйжалары окуу процессинде өз ара эсепке алынат.

Мындан сырткары, Армениянын Улуттук агрардык университети жана Тимирязев академиясы, студенттер алган билимдерди бекемдөө максатында, өндүрүштүк ишканалардын базасында шарап жасоочулук боюнча практиканы уюштуруу маселесин иштеп чыгышууда.

"Мындай кызматташтык эки өлкө үчүн тең өз ара пайдалуу, анткени алар мыкты иштелмелерди жана практикалык тажрыйбаны бириктирүүнүн, жогорку окуу жайларынын өнөктөштүгүн бекемдөөнүн, студенттерде калыптанып жаткан кесиптик компетенциялардын деңгээлин жогорулатуунун, ошондой эле маданияттар аралык коммуникацияларды өнүктүрүүнүн эсебинен синергетикалык натыйжа алышат", – деп Артак Камалян корутундулады.