Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 4-июлда Астанада "ШКУ плюс" саммитине катышты.
Жогорку деңгээлдеги жолугушууда көп тараптуу диалогду бекемдөө жана туруктуу тынчтыкка жана өнүгүүгө умтулуу башкы тема болду.
Мамлекет, өкмөт жана эл аралык уюмдардын башчылары маселелердин кеңири спектрин карашты. Атап айтканда, саммиттин жүрүшүндө Беларусь Республикасынын ШКУга толук укуктуу мүчө мамлекет катары кабыл алуу өтүнмөсү жактырылды.
Мындан тышкары, саммиттин катышуучулары региондогу соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты. Бул ШКУга мүчө өлкөлөрдүн экономикаларынын өнүгүүсүнүн жогорку темптерин эске алуу менен өзгөчө маанилүү. Алардын үлүшүнө дүйнөлүк ИДПнын 30%дан ашыгы (38.5 триллион доллар), дүйнөлүк сооданын 16%дан ашыгы (5.5 триллион доллар), планетанын калкынын 41%дан ашыгы (3 миллиарддан ашык адам) туура келет.
Бакытжан Сагинтаевдин пикири боюнча, Шанхай кызматташтык уюмунун жана Евразия экономикалык бирлигинин бири-бирин өз ара толуктоого жөндөмдүү потенциалы бар. Бул ишкер чөйрөлөрдүн диалогго болгон чоң кызыгуусу менен тастыкталат, ал тоскоолдуксуз экономикалык чөйрөнү түзүүнү, улуттук валюталарда өз ара соодада эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүүнү, жалпы өнүгүү институттарын түзүүнү камтыйт.
"ЕАЭБ жана ШКУ өлкөлөрү — Евразиянын заманбап экономикалык архитектурасынын маанилүү элементтери, — деп эсептейт ЕЭК Коллегиясынын башчысы. — Бул мамлекеттер Евразия континентинин өзөгүн түзөт, ал эми алардын өз ара мамилелери көп жагынан региондун андан аркы өнүгүүсүнүн векторун аныктайт".
ЕЭК жана ШКУ Катчылыгы тиешелүү меморандумдун алкагында өз ара аракеттенишет. Учурда кызматташуунун деталдуу планын макулдашуу аяктоодо. Документтин долбоорунда биргелешкен иш-чаралар, маалымат жана тажрыйба алмашуу, өз ара кызыкчылык жараткан аналитикалык материалдарды даярдоо каралган.
Азыркы учурда Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан ШКУнун мүчөсү болуп саналат.
2023-жылдын июлунан ушул күнгө чейин ШКУда Казакстан төрагалык кылууда.