Жаңылыктар

05.07.2023

ЕЭК алымсыз соода дүкөндөрүндө (duty free) сатылуучу товарларды декларациялоону жеңилдетти


Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы билдирилген алымсыз соода бажы жол-жобосунун колдонулушу аяктаганда ички керектөө үчүн чыгаруу бажы жол-жобосуна ылайык чет өлкөлүк товарларды бажылык декларациялоодо аны толтуруунун өзгөчөлүктөрүн аныктаган жаңы бөлүм менен товарларга декларацияны толтуруу тартибин толуктаган акт кабыл алды.

"Көрсөтүлгөн өзгөчөлүктөр Бирликтин мүчө мамлекеттеринин ортосунда жол жүргөн жеке жактарга duty free дүкөндөрүндө сатылган товарларды декларациялоону жөнөкөйлөтүүгө, берилген декларациялардын санын кыскартууга жана тиешелүү түрдө бизнестин чыгымдарын кыскартууга багытталган", - деп белгиледи ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Эльдар Алишеров. 

Ошондой эле Комиссиянын Коллегиясы декларацияда бажы кампасынын жана алымсыз сооданын бажы жол-жоболоруна киргизилген, бажы контролун оптималдаштырууга багытталган товарлардын жайгашкан жери жөнүндө маалыматтарды көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрүн аныктады. Буга чейин товарларга карата декларацияда алар бажы кампасынын жана алымсыз сооданын бажы жол-жоболоруна жайгаштырылган учурда товарлардын турган жери жөнүндө гана маалыматтар камтылган, бирок көрсөтүлгөн жол-жоболорго жайгаштырылгандан кийин алардын турган жери, башкача айтканда, аларды андан ары жайгаштыруу орду жөнүндө маалыматтар болгон эмес (конкреттүү бажы кампасы же алымсыз соода дүкөнү). 

Чечим расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.