Жаңылыктар

23.08.2022

ЕЭК өндүрүш товарларынын негизги түрлөрү боюнча сурамдын жана сунуштун жыйынды болжолдуу баланстарын эсептөө методологиясын кабыл алды

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өнөр жай продукциясынын негизги түрлөрү боюнча сурамдын жана сунуштун жыйынды болжолдуу баланстарын эсептөө методологиясын кабыл алды.

"ЕАЭБ мамлекеттеринин сурамдын жана сунуштун жыйынды болжолдуу баланстары - бул, биринчи кезекте, өнөр жайды өнүктүрүү жана өнөр жай кызматташтыгы чөйрөсүндө чечимдерди кабыл алууну колдоонун инструменти", - деп баса белгиледи ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян.

Методологияга ылайык, сурамдын жана сунуштун жыйынды болжолдуу баланстары маалыматтык, сунуштама мүнөздө болот жана 22 өнөр жай товарлары: жыгач-кырындылар плиталары, азот жана калий жер семирткичтери, тракторлор, дан жыйноочу комбайндар жана башкалар боюнча эсептелет.

Документ божомолдоонун баланстык ыкмасына негизделип, анда өнөр жай продукциясынын негизги түрлөрүнүн келип түшүү булактары жана аларды пайдалануунун багыттары боюнча тең салмактуу көрсөткүчтөрдүн тутуму камтылат.

Ушундай эле ыкма Комиссиянын өнөр жай блогу тарабынан ЕАЭБдин кара жана түстүү металлдарынын сыныктарынын жана калдыктарынын жалпы рыногундагы учурдагы кырдаалга комплекстүү талдоо жүргүзүүдө ийгиликтүү колдонулган. Бул аталган продукция боюнча Бирликтин рыногунун абалын баалоого жана евразиялык металлургиялык ишканаларды чийки зат менен камсыздоо боюнча тиешелүү комплекстүү сунуштарды даярдоого мүмкүндүк берген.