Жаңылыктар

30.06.2022 (Обновлено: 12.07.2022 13:32)

ЕЭК ЕАЭБдин Бажы кодексине ыйгарым укуктуу экономикалык оператор боюнча түзөтүүлөрдү иштеп чыгууда

Евразия экономикалык комиссиясы Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн эксперттери менен биргеликте ыйгарым укуктуу экономикалык оператор (ЫЭО) институтун өнүктүрүүнүн багыттарын талкуулоодо. ЕАЭБдин Бажы кодексинин 61-главасына өзгөртүүлөр иштелип чыгууда.
"Биздин жалпы максатыбыз – жеңилдиктерди кеңейтүү, жактарды ЫЭОлордун реестрине киргизүү шарттарын оптималдаштыруу, бул милдеттерди иш жүзүндө ишке ашыруу аркылуу Бирликте ЫЭО программасына түрткү берүү. ЫЭО институту – бул бүткүл дүйнөдө таанылган жана ТЭИ катышуучуларын категориялаштыруунун жана аларга бажылык операцияларды аткарууга жана бажы контролун жүргүзүүгө байланыштуу жеңилдиктерди берүүнүн эсебинен бажы контролунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берген универсалдуу аспап", – деп ЕЭКтин бажы мыйзамдары жана укук колдонулуучу иш-тажрыйба департаментинин директору Сергей Владимиров Комиссиянын Бирликтин мамлекеттеринде ыйгарым укуктуу экономикалык оператор институтун өнүктүрүү боюнча консультативдик комитетине караштуу жумушчу топтун отурумунда белгиледи.

Жумушчу топ ЫЭОлордун реестрине киргизүү жөнүндө күбөлүктүн аракетин токтото туруу шарттарына байланыштуу жана Евразия "бешилтигинин" өлкөлөрүндө бизнес жүргүзүүнүн бирдей шарттарын түзүүгө багытталган өзгөртүүлөр боюнча сунуштарды карап чыкты. Ошондой эле, ЫЭО статусуна ээ болгон бажы өкүлүнө атайын жеңилдиктерди берүү боюнча демилге талкууланды. Мындан сырткары, ЫЭОлорду өз ара таануу үчүн ишенимдүү укуктук негизди түзүү боюнча түзөтүү иштелип чыкты.

Комиссия Бирликтин ЫЭО программасын сапаттык жактан жаңы деңгээлге алып чыгуу үчүн мамлекеттик органдардын жана бизнестин демилгелерин мындан ары да уюштурууга жана предметтик талкуулоого даярдыгын билдирди.

Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор институту – бул өнөктөштүк программанын эл аралык деңгээлде таанылган стандарты, ал эми ЫЭОлор – бажылык операцияларды жана бажы контролун жүргүзүүдө белгилүү бир талаптарга жооп берген жактар катары жеңилдиктер берилген, жактардын өзгөчө категориясы.

Бирликтин мамлекеттеринде ЫЭО институтун өнүктүрүү боюнча жумушчу топ 2014-жылы ЕЭКтин бажылык жөнгө салуу боюнча консультативдик комитетинин чечими менен түзүлгөн.