Жаңылыктар

19.05.2022 (Обновлено: 27.05.2022 13:23)

ЕЭК Кеңешинин 19-майдагы отурумунун жыйынтыктары

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 19-майда Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы астында өткөрүлгөн отурумунда Евразия экономикалык бирлигинде алар менен эркин соода жөнүндө макулдашуулар түзүлгөн өлкөлөрдөн алып келинген товарлардын чыгарылган өлкөсүн документалдык түрдө тастыктоо жол-жобосун жеңилдетүү жөнүндө чечим кабыл алды.

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагында бир календардык жылдын ичинде сатылган тамеки заттарынын курамы жана алар бөлүп чыгарган заттар жөнүндө отчёттун формасын бекитти.

ЕЭК Кеңеши Медициналык буюмдарды каттоо, алардын коопсуздугун, сапатын жана натыйжалуулугун экспертизалоо эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизди.

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБдин Тийиштүү фармакологиялык көзөмөлдөө иш-тажрыйбасынын эрежелеринин жаңы редакциясын бекитти.

ЕЭК Кеңеши дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө техникалык регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды.

ЕЭК Кеңеши товарларга карата декларация берилгенге чейин жүгүртүүгө чыгарылышы мүмкүн болгон товарлардын категорияларынын тизмегин кеңейтти.

ЕЭК Кеңешинин кезектеги отуруму 10-июнда Нур-Султанда бетме-бет форматта өткөрүлмөкчү.