19-августта Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө инспекциялоочу уюм боло ала турган субъектилерди тактады, Фармацевтикалык инспекцияларды жүргүзүү эрежелеринин жаңы редакциясын кабыл алды.
ЕЭК Кеңеши укук колдонулуучу иш-тажрыйбанын натыйжалары боюнча Кеңештин 2017-жылдын 20-декабрындагы № 107 "Жеке пайдалануу үчүн товарларга байланыштуу айрым маселелер жөнүндө" чечимине түзөтүүлөрдү кабыл алды.
ЕЭК Кеңеши мүчө мамлекеттердин сунуштарынын негизинде Бирдиктүү форма боюнча шайкештик жөнүндө сертификаттарды жана шайкештик жөнүндө декларацияларды берүү менен шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоого жаткан продукциянын бирдиктүү тизмегин актуалдаштырды.
ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү Казакстан Республикасынын сунушу боюнча ЕАЭБде автомобилдерди сертификаттоодо, ошондой эле шайкештикти баалоо жөнүндө документти жайылтууда же анын аракеттенүү мөөнөтүн узартууда чет элдик даярдоочунун бардык расмий өкүлдөрүнө өтүнмө берүүчү болууга мүмкүндүк берген чечимди кабыл алышты.
ЕЭК Кеңеши 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында медициналык буюмдарды (медицина багытындагы буюмдарды жана медициналык техниканы) жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун долбоорун жактырды. Протоколдун долбоору ЕАЭБ мамлекеттерине протоколго кол коюу үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду өткөрүү үчүн жөнөтүлдү.
ЕЭК Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында убактылуу болуу жана пайдалануу үчүн чектик мөөнөттөрү 2022-жылдын 21-февралынан 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында аяктаган товарлардын айрым категорияларын убактылуу алып келүү бажы жол-жобосунун аракеттенүү мөөнөтүн 2023-жылдын 31-декабрына чейин узартты.
ЕЭК Кеңешинин кийинки отуруму 23-сентябрда Москвада бетме-бет форматта өткөрүлмөкчү.