Жаңылыктар

17.11.2022 (Обновлено: 24.11.2022 13:57)

Михаил Мясникович ЕАЭБ Сотунун жана улуттук сот органдарынын өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүүнү сунуштады

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович 17-ноябрда онлайн-форматта башталган, Бирлик Сотунун "ЕАЭБде сот адилеттигине жеткиликтин натыйжалуулугун камсыздоо" V эл аралык конференциясында Евразия экономикалык бирлигинде сот адилеттиги тутумун өркүндөтүү боюнча бир катар сунуштарды айтты.

Конференциянын программасында ЕАЭБ Сотунун компетенциясын кеңейтүүнү, Бирликтин Сотунун жана мүчө мамлекеттердин сотторунун тажрыйбасынын өз ара таасирин, эл аралык соттордун чечимдерин аткаруу механизмдерин, бирликтик укуктун, анын ичинде атаандаштыкты коргоо, бажылык жөнгө салуу жана Бирликтин бирдиктүү ички рыногунун иштөөсү чөйрөлөрүндө тармактык жоболорун колдонуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо каралган.

Конференцияга катышууга Бирлик мамлекеттеринин жогорку сот органдарынын, эл аралык сот органдарынын өкүлдөрү, ЕАЭБтин алдыңкы илимий мекемелеринин окумуштуулары, ошондой эле иштеп жаткан юристтер чакырылган.

"Сот адилеттигине жеткиликтүүлүк ар бир укуктук тутумдун базалык элементи болуп саналат жана кызыкдар жактардын бузулган укуктарын жана эркиндиктерин калыбына келтирүүнү камсыздайт, – деп баса белгиледи Михаил Мясникович видео кайрылуусунда. - Биздин Бирлик да бул иште четте калбайт. Тиешелүү институционалдык жоболор ЕАЭБ жөнүндө келишимде ишке ашырылган жана чарбакер субъекттерге өз кызыкчылыктарын сот тартибинде коргоого мүмкүндүк берет. Албетте, биздин Бирликте натыйжалуу жана жеткиликтүү сот адилеттигин калыптандырууда алдыңкы роль ЕАЭБ Сотуна таандык".

ЕЭК Коллегиясынын башчысы белгилеп өткөндөй, ЕАЭБ жөнүндө келишимде бекитилген механизмдер, негизинен, чарбакер субъекттер үчүн сот адилеттигинин базалык жеткиликтүүлүгүн камсыздаган. Бизнеске өз кызыкчылыктарын сот тартибинде коргоо мүмкүнчүлүгөн ажырата турган эч кандай олуттуу тоскоолдуктар жок. Ошону менен бирге бул жерде да Бирликтин укугунун андан аркы эволюциясы үчүн мүмкүнчүлүктөр бар.

Михаил Мясниковичтин сөзү боюнча, мисалы, Бирликтин укугунда, жеке адамдардын белгилүү бир категориясына соттук коргоону алууга мүмкүндүк бербеген боштукту жоюу зарыл. Кеп - бирликтик монополияга каршы мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн болгондор жөнүндө. Мындай жактарга сот адилеттигине жеткиликти камсыздоо менен, бул жагында Соттун компетенциясын кеңейтүү зарыл. Комиссия мүчө мамлекеттер менен биргеликте ЕАЭБ жөнүндө келишимге тиешелүү өзгөртүүлөрдү даярдоого киришти.

Бирликтин Соту менен мүчө мамлекеттердин сот органдарынын өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүү жөнүндө айтып жатып, Михаил Мясникович мүчө мамлекеттерде Бирликтин укугун колдонууну бирдиктүү "калыпка салуучуга" алып келүүгө мүмкүндүк бере турган практикалык кадамдарды жасоону сунуштады. 

"Бирликтин укугун колдонуу боюнча улуттук сот органдарынын ишмердүүлүгүн координациялоого мүмкүндүк бере турган жумушчу механизмди түзүү үчүн жогорку улуттук сот органдарынын жана Бирликтин сотунун катышуусу менен "сот горизонталын" түзүү зарылчылыгы көрүнүп турат", – деди ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы. 

Мындан тышкары, Михаил Мясникович сот өндүрүшүнө санариптик технологияларды андан ары киргизүү максатка ылайыктуу деп эсептейт. Бул, анын пикири боюнча, соттун гана эмес, бүтүндөй Бирликтин беделин бекемдөөгө кызмат кылат, ошондой эле бир катар маанилүү практикалык маселелерди чечүүгө мүмкүндүк берет. Бирликтин Сотунда санариптик технологияларды колдонууну кеңейтүү сот адилеттигинин айкындуулугуна, ыкчамдыгына жана үнөмдүүлүгүнө, талаш-тартыштарды натыйжалуу кароого жана укук колдонуу тажрыйбасын өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт.