Эске сала кетсек, алкоголдук продукцияга карата техникалык регламент 2018-жылы кабыл алынган. Ал чыгарылып жаткан алкоголдук продукцияга жана аны өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү процесстерине Бирликтин өлкөлөрүндө колдонууга жана аткарууга милдеттүү болгон талаптарды, ошондой эле маркалоого, таңгактоого жана шайкештикти баалоо жол-жобосуна талаптарды белгилейт.
Өз кезегинде, өткөөл жоболордо техникалык регламент күчүнө киргенге чейин кабыл алынган алкоголдук продукциянын шайкештигин баалоо жөнүндө документтер алардын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин, бирок 2027-жылдын 1-январынан кеч эмес жарактуу экендиги белгиленген. Мындай документтер болгон учурда, алкоголдук продукцияны аталган күнгө чейин өндүрүүгө жана жүгүртүүгө чыгарууга жол берилет.
Ошондой эле, бул мезгилдин ичинде Бирликтин мамлекеттеринде техникалык регламент күчүнө киргенге чейин шайкештигин милдеттүү түрдө баалоого жатпаган продукцияны мындай баалоо жөнүндө документтерсиз жана улуттук шайкештик белгиси (рынокто жүгүртүү белгиси) менен маркалоосуз өндүрүү жана жүгүртүүгө чыгаруу мүмкүн.
Өткөөл жоболорду эске алуу менен чыгарылган продукцияны анын даярдоочусу тарабынан белгиленген жарактуулук мөөнтүнүн ичинде жүгүртүүгө жол берилет.
Үч жылдык өткөөл мезгил мындай продукциянын өндүрүүчүлөрүнө 2027-жылдын 1-январына чейин техникалык регламенттин нормаларын аткарууга акырындык менен өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.