Жаңылыктар

14.02.2024

ЕАЭБге ташып кирүү бажы алымдарынын суммаларын бөлүштүрүү ченемдерин эсептөө методикасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү

14-февралда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын тескемеси менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бюджеттеринин ортосунда ташып кирүү бажы алымдарынын суммаларын бөлүштүрүүнүн ченемдерин эсептөөнүн методикасын жана аларды кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгүн иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү.

Жумушчу топту ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов жетектеди. Топтун курамына Бирлик өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү киришти.

Эске салсак, өткөн 2023-жылдын аягында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун алкагында евразиялык "бешилтик" өлкөлөрүнүн президенттери Комиссияга 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында ЕАЭБ мамлекеттеринин бюджеттеринин ортосунда ташып кирүү бажы алымдарынын суммаларын бөлүштүрүүнүн ченемдерин эсептөөнүн жаңыланган методикасын жана мындай алымдарды кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгүн иштеп чыгууну жана Евразия өкмөттөр аралык кеңеши тарабынан бекитүү үчүн сунуштоону тапшырышкан.