Жаңылыктар

29 Dec 2023 ЕАЭБде GMP сертификаттарын өз ара таануу жөнүндө чечим кабыл алынды Евразия экономикалык комиссиясынын мониторингинин жүрүшүндө ЕАЭБ мамлекеттеринен ташылып келинүүчү жана жылдырылуучу ветеринардык дары препараттары үчүн россиялык ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү GMP, сертификаттарын алуу боюнча талаптарга Евразия экономикалык бирлигинин укугуна ылайык келүүсү жөнүндө маселе каралды. Комиссиянын жана мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын биргелешкен ишинин аркасында Комиссиянын Кеңеши тарабынан улуттук мыйзамдарга ылайык берилген ветеринардык дары каражаттарынын өндүрүшүнүн шайкештигин ырастоочу документтерди өз ара таануу каралган чечим кабыл алынган. Чечим үстүбүздөгү жылдын 20-октябрында күчүнө кирген. Мониторингдин жыйынтыктарын жана жүргүзүлгөн иштин натыйжаларын карап чыгып, Комиссиянын Коллегиясы кедерги белгилери бар тоскоолдуктарды четтетүү жөнүндө маалымдалган. "Комиссиянын Кеңеши тарабынан кабыл алынган чечим ветеринардык препараттарды Россиянын аймагына алып келүүнү жана сатууну олуттуу жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет, муну менен алардын биздин Бирликтин бирдиктүү аймагы боюнча эркин жылышы камсыздалат деп ишенебиз", – деп белгиледи ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Варос Симонян. 
29 Dec 2023 2018-2022-жылдары ЕАЭБде БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүү жөнүндө жыйнак жарык көрдү Евразия экономикалык комиссиясынын Статистика департаменти "Евразия экономикалык бирлигинин аймагында Туруктуу өнүгүү жаатындагы максаттарга жетишүү" жыйнагын жарыялады. Жыйнакта Евразия экономикалык бирлигинде 2018-2022-жылдар үчүн ТӨМдүн регионалдык тизмесинин көрсөткүчтөрүнө жетишүү боюнча статистикалык маалыматтар көрсөтүлгөн. Регионалдык тизмекке 130 индикатор, анын ичинде глобалдык деңгээлде мониторинг жүргүзүү үчүн сунушталган 63 индикатор, ошондой эле ЕАЭБде өнүгүүнүн артыкчылыктарын чагылдырган 67 индикатор кирген. Алсак, 2022-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүндө Беларустагы 3,9%дан баштап Кыргызстанда 33,2%га чейин калк улуттук жакырчылыктын чегинде жашайт. Өткөн жылга салыштырмалуу жакыр жашагандардын үлүшү мурдагы деңгээлде калган Казакстандан башка Бирликтин бардык өлкөлөрүндө азайган. Өткөн жылга салыштырмалуу Казакстанда (4,5%га) жана Кыргызстанда (5,0%га) реалдуу акчалай кирешелер өскөн. Реалдуу эмгек акы Беларустан башка бардык ЕАЭБ өлкөлөрүндө көбөйгөн. Ошол эле учурда анын өсүшү Россияда 0,3%дан баштап Кыргызстанда 20,5%га чейинкини түзгөн. 2022-жылы үй чарбаларынын керектөө чыгымдарынын жалпы суммасында тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга чыгымдардын үлүшү ЕАЭБдин көпчүлүк өлкөлөрүндө төмөндөгөн жана Россияда 32,9%дан баштап Казакстанда 51,2%га чейинкини түзгөн. 2021-жылга салыштырмалуу төрөлгөндө күтүлгөн өмүрдүн узактыгы ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө өскөн. Эркектердин жашоосунун узактыгы Россияда 67,57 жаштан баштап Арменияда 71,43 жашка чейинкини, аялдардын жашоосунун узактыгы - Кыргызстанда 76,31 жаштан баштап Казакстанда 78,41 жашка чейинкини түзгөн. 2022-жылы энелердин өлүмүнүн коэффициенти ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө төмөндөгөн. ЕАЭБде орто кесиптик билим алгандардын саны 4,3 млн адамды түзгөн жана жогорку билим алгандардын саны бардык өлкөлөрдө көбөйүп – 5,3 млн адамды түзгөн, өсүш ЕАЭБдин көпчүлүк өлкөлөрүндө байкалган. ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө балдардын мектепке чейинки мекемелерге камтылышы көбөйгөн жана Кыргызстандагы мектепке чейинки курактагы балдардын 26,4%нан баштап Беларуссиядагы балдардын 89,2%га чейинкисин түзгөн. Жумушсуздуктун деңгээли ЕАЭБ боюнча орточо 0,7 пайыздык пунктка кыскарган. ЕАЭБде иш менен камсыз болгон калктын жалпы санындагы аялдардын үлүшү 2021-жылга салыштырмалуу 0,1 пайыздык пунктка көбөйгөн, ошол эле учурда жетекчи кызматтардагы аялдардын үлүшү Казакстанда гана көбөйгөн(1,8 пайыздык пунктка). Кененирээк статистикалык маалымат Статистика департаментинин баракчасында "Статистикалык публикациялар" бөлүмүндө көрсөтүлгөн. Маалымат 2015-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан "Дүйнөнүн өзгөрүшү. 2030-жылга чейин мезгилде туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартиби" резолюциясы кабыл алынган. Туруктуу өнүгүүнүн күн тартиби 17 максатты жана 169 милдетти камтыйт, алар комплекстүү мүнөзгө ээ жана туруктуу өнүгүүнүн үч компонентинин – экономикалык өсүштүн, социалдык интеграциянын жана экологиялык туруктуулуктун тең салмактуулугун камсыз кылат. Туруктуу өнүгүүнүн максаттары жакырчылыкты жана ачарчылыкты бардык жерлерде жоюуга, өлкөлөрдүн ичиндеги жана ортосундагы теңсиздикти кыскартууга, сергек жашоо образын жана адилеттүү сапаттуу билим берүүнү жана бардыгы үчүн бүтүндөй өмүр аралыгында билим алууну, гендердик теңчиликти камсыз кылууга, кымбат эмес, ишенимдүү, туруктуу энергия булактарына жетүүнү камсыз кылууга, туруктуу, ар тараптуу жана туруктуу экономикалык өсүшкө, толук жана жемиштүү иш менен камсыз кылууга жана бардыгы үчүн татыктуу ишке, экологиялык туруктуулукту жана адамдардын жашоо сапатын жакшыртууга тиешелүү башка чөйрөлөрдү камсыз кылууга багытталган. Туруктуу өнүгүү жаатындагы максаттарга жетишүүгө мониторинг жүргүзүү максатында, Бириккен Улуттар Уюмунун Статистикалык комиссиясынын 47-сессиясында Туруктуу өнүгүү жаатындагы максаттарга жетишүүнүн Глобалдык көрсөткүчтөрүнүн тутуму жана 2030-жылга чейинки мезгилге Туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартибин аткаруу иштелип чыккан жана жактырылган. Глобалдык көрсөткүчтөр тутумунун негизинде, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, эмгек ресурстарынын жана капиталдын эркин кыймылын ишке ашыруу боюнча максаттарын эске алуу менен, Туруктуу өнүгүү жаатында максаттарга жетүү көрсөткүчтөрүнүн региондук тизмеги иштелип чыгып, Статистика боюнча консультативдик комитеттин 2022-жылдын 25-апрелиндеги отурумунда жактырылган. Ага 130 индикатор, анын ичинде глобалдык деңгээлде мониторинг жүргүзүү үчүн сунушталган 63 индикатор, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинде өнүгүүнүн артыкчылыктарын чагылдырган 67 индикатор кирген.
29 Dec 2023 ЕАЭБ боюнча өнөр жай продукциясын өндүрүүчүлөрдүн баалары 2023-жылдын башынан бери 21,1%га өскөн Евразия экономикалык бирлиги боюнча өнөр жай продукциясын өндүрүүчүлөрдүн бааларынын индекси 2023-жылдын октябрында 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу 121,1%ды түзгөн. 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу ЕАЭБ боюнча тоо кен өнөр жайында жана карьерлерди иштетүүдө өндүрүүчүлөрдүн бааларынын олуттуу өсүшү (1,5 эсеге) белгиленген. Мында кайра иштетүү өнөр жайындагы өндүрүүчүлөрдүн баасы 13,7%га өскөн, ишмердүүлүктүн "электр энергиясы менен камсыздоо, газ, буу берүү жана аба кондиционирлөө" түрү боюнча — 8,3%га, ишмердүүлүктүн "суу менен камсыздоо; канализация тутуму, таштандыларды чогултуу жана бөлүштүрүү боюнча көзөмөл" түрү боюнча — 6,9%га көбөйгөн. Кененирээк статистикалык маалымат ЕЭКтин Статистика департаментинин баракчасында "Өнөр жай продукциясынын өндүрүүчүлөрүнүн баалары" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.
01 Dec 2023 Михаил Мясникович Адылбек Касымалиевти туулган күнү менен куттуктады Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Биринчи орун басары, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин мүчөсү Адылбек Касымалиевди туулган күнү менен куттуктады. "Сиздин кесипкөйлүгүңүздүн, жогорку инсандык сапаттарыңыздын, мамлекеттик ишмердикте бай тажрыйбасынын аркасында, – деп айтылат куттуктоо катында, – Сиз Кыргыз Республикасында, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө сый-урматка жана кадыр-баркка ээ болдуңуз". Михаил Мясникович Адылбек Касымалиевдин интеграциялык маселелерди чечүүдөгү ырааттуулугун жана ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин ортосундагы достук жана өнөктөштүк экономикалык мамилелерди чыңдоого кошкон салымын өзгөчө белгиледи. Михаил Мясникович Адылбек Касымалиевге чың ден соолук, бейпилдик жана андан аркы ийгиликтерди каалады.
01 Dec 2023 2022-жылы Бирликте мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин ортосунда алып келүү бажы алымдарын бөлүштүрүү тартиби сакталган Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн мамлекеттик каржылык көзөмөлдөөнүн жогорку органдарынын жетекчилери жана Евразия экономикалык комиссиясынын Каржы саясаты департаментинин директору Аркадий Хачатрян 2022-жылы алып келүү бажы алымдарынын суммаларын чегерүүнү жана бөлүштүрүүнү текшерүүнүн жыйынтыктарын биргелешкен отурумда талкуулашты. "Бажы алымдарын чегерүү жана бөлүштүрүү – бардык мүчө мамлекеттер үчүн маанилүү жана сезимтал тема, – деп баса белгиледи Аркадий Хачатрян. - Алсыз жерлерди аныктоо жана Бирликтин ченемдик базасын өркүндөтүү боюнча зарыл чечимдерди кабыл алуу максатында Комиссиянын мүчө мамлекеттердин мамлекеттик каржылык көзөмөлдөөнүн жогорку органдары менен так өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн белгилегим келет". ЕЭК өкүлү биргелешкен отурумдун катышуучуларын Комиссия тарабынан алып келүү бажы алымдарынын суммаларын чегерүү, бөлүштүрүү жана которуу механизмин өркүндөтүү боюнча, ошондой эле жогорку мамлекеттик каржылык көзөмөлдөө органдары мурунку жылдар үчүн өз отчетторунда көтөргөн бир катар башка методологиялык маселелер боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымдады.  Отурумда Биргелешкен контролдук иш-чараны өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө актынын формасы бекитилди. Ал 2021-жылдын 16-ноябрындагы Алып келүү бажы алымдарынын (эквиваленттүү аракетке ээ болгон башка алымдардын, салыктардын жана жыйымдардын) суммаларын чегерүү жана бөлүштүрүү, аларды ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин бюджеттеринин кирешесине которуу тартибин сактоо маселелери боюнча биргелешкен контролдук иш-чараларды өткөрүү жөнүндө макулдашуунун 4-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Комиссия тарабынан жогорку мамлекеттик каржылык көзөмөлдөө органдары менен бирликте иштелип чыгарылган. Текшерүүнүн жетекчиси, Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын аудитору Андрей Батуркин баса белгилегендей, Бирлик өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдары тарабынан жалпысынан алып келүү бажы алымдарын чегерүү жана бөлүштүрүү тартибинин сакталышы камсыз кылынган. Маалымат Алып келүү бажы алымдарынын (эквиваленттүү аракетке ээ болгон башка алымдардын, салыктардын жана жыйымдардын) суммаларын эсепке алуу жана бөлүштүрүү, аларды мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин кирешесине которуу тартиби жөнүндө протоколдун (2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ жөнүндө келишимге № 5 тиркеме) 53-пунктуна ылайык, мамлекеттик каржы контролунун жогорку органдары биргелешкен контролдоо иш-чараларынын алкагында мүчө мамлекеттерде алып келүү бажы алымдарынын суммаларын эсепке алуу жана бөлүштүрүү тартибинин сакталышын жыл сайын текшерип турушат. ЕАЭБ өлкөлөрүндө мамлекеттик каржы контролунун жогорку органдары Армения Республикасынын Аудитордук палатасы, Беларусь Республикасынын Мамлекеттик контролдоо комитети, Казакстан Республикасынын Жогорку аудитордук палатасы, Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы жана Россия Федерациясынын Эсеп палатасы болуп саналат. Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин каржылык көзөмөлдөө жогорку органдарынын (аудит) биргелешкен отуруму Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын аянтчасында болуп өттү.
30 Nov 2023 ЕАЭБде интеграциялык процесстердин мүчө мамлекеттердин экономикасына тийгизген таасирин баалоо методикасы кабыл алынды Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 30-ноябрдагы отурумунда интеграциялык процесстердин Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин экономикаларына тийгизген таасирин баалоо методикасы бекитилди. Буга чейин мындай методологияны түзүүнү Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев сунуштаган. Демилге Стратегия-2025ке киргизилген. Методиканын негизине Комиссияда иштелип чыккан ЕАЭБдин "чыгымдар-чыгаруу" өлкөлөр аралык таблицаларынын тутумунун инструментарийи коюлган. Методика кабыл алынган интеграциялык чаралардын эсебинен түзүлгөн бул көрсөткүчтөрдүн интеграциялык курамын эске алуу менен, товарлар менен өз ара соодалашуудан, кызмат көрсөтүүлөр менен өз ара соодалашуудан жана эмгек миграциясынан Бирликтин ар бир өлкөсүнүн ИДӨсүнө кошкон салымдарын сандык баалоого мүмкүндүк берет. Комиссия РИАнын Элдик-чарбалык болжолдоо институту менен биргеликте 2016, 2020, 2021 жана 2022-жылдарга интеграциянын таасирин эсептеп чыккан. "Интеграциялык процесстердин ЕАЭБ мамлекеттериндеги экономикалык жигердүүлүктүн өсүшүнө тийгизген таасири олуттуу жана 2016 жана 2022-жылдардагы эсептөөлөрдүн негизинде биз анын өсүп жатканын көрүп турабыз. ИДӨнүн өсүшүнө интеграциянын эң чоң салымы — Беларуста, олуттуу көрсөткүчтөр — Кыргызстанда жана Арменияда. Казакстан менен Россияда таасирлер салыштырмалуу төмөн, бирок абсолюттук мааниде алар кем эмес. ЕАЭБ боюнча орточо алганда 2022-жылы интеграциянын салымы ИДӨнүн 1,43% түзөт", — деп баса белгиледи ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев. Маалымат ЕЭК Интеллектуалдык менчик боюнча федералдык кызматтын 2021-жылдын 28-апрелиндеги № 2021620900 Интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнө ылайык, ЕАЭБдин "чыгымдар-чыгаруу" өлкөлөр аралык таблицалар тутумунун укук ээси болуп саналат. 
30 Nov 2023 Ички суроо-талап ЕАЭБде экономикалык өсүштүн негизги драйвери болуп калды Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттериндеги макроэкономикалык кырдаал жөнүндө баяндаманын долбоорун жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча сунуштарды Макроэкономикалык саясат боюнча консультативдик комитеттин мүчөлөрү 29-ноябрдагы отурумунда карашты. Андан кийин баяндама Өкмөттөр аралык кеңешке сунушталат. Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев баса белгилегендей, ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн өнүгүүнүн тышкы шарттары татаал бойдон калууда, ошол эле учурда түзүмдүк өзгөрүүлөр экономикалык өсүштүн туруктуулугун жогорулатууга өбөлгө түзүүдө. Анын айтымында, бир катар чет элдик компаниялардын кетиши импорт тарабынан сунуштардын олуттуу бөлүгүн бошотту. "Импортту компенсациялоо үчүн инвестицияларды көбөйтүү зарыл, анын булактарынын бири ички финансылык ресурстар болуп саналат. Ал эми ишти капиталдын экономикадан чыгып кетүүсүн токтотуудан баштоо керек", — деди Сергей Глазьев. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын божомолуна ылайык, 2024-2025-жылдары ЕАЭБдин жалпы ИДӨсүнүн өсүш арымы тиешелүүлүгүнө жараша 2,5% жана 2,7%ды түзгөн. Комиссиянын баамы боюнча, 2026-жылга чейин өз ара сооданын нарктык көлөмү 100 млрд АКШ долларына чейин көбөйүшү болжолдонууда. ЕАЭБде көпчүлүк макроэкономикалык көрсөткүчтөр боюнча оң динамика байкалат. Макроэкономикалык саясат департаментинин адистеринин эксперттик пикири боюнча, ички суроо-талап экономикалык өсүштүн негизги драйверине айланып бара жатат. Ошол эле учурда тышкы суроо-талаптын басаңдашы байкалууда — ЕАЭБ өлкөлөрү Бирликтин рыногуна көбүрөөк ыктай башташты. ЕАЭБде өз ара соода жигердүү өнүгүүнү улантууда, ал кыйла тең салмактуу болуп калды: эгерде мурда Россиядан башка бардык мүчө мамлекеттер өз ара сооданын алкагында терс сальдого ээ болсо, 2023-жылы Арменияда жана Беларуста оң сальдо түзүлгөн, ал эми калган өлкөлөрдө терс сальдо кыйла азайган. Отурумдун катышуучулары ошондой эле экономиканын өнүгүүсүн болжолдоо ыкмалары жөнүндө баяндаманын долбоорун жана ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикалык өнүгүүсүнүн туруктуулугун аныктоочу макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн мониторингинин жыйынтыктары жөнүндө маалыматты карашты. Маалымат  Макроэкономикалык саясат боюнча консультативдик комитет Евразия экономикалык бирлигинин алкагында макулдашылган макроэкономикалык саясат маселелери боюнча корутундуларды, сунуштарды, сунуштамаларды даярдоону жана консультацияларды өткөрүүнү камсыз кылган ЕЭК Коллегиясына караштуу консультативдик орган болуп саналат. 
Дагы көрсөтүү