Жаңалықтар

07.07.2021 (Обновлено: 14.10.2021 14:53)

Артак Камалян: "ЕЭК ушул жылдын аягына чейин ЕАЭБде темир жол машина куруу тармагын өнүктүрүү боюнча мамилелерди иштеп чыкмакчы"

Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян Екатеринбургга иш сапарынын жүрүшүндө темир жол машина куруу боюнча Россиядагы эң ири ишканалардын бири – "Уральские локомотивы" заводуна барды. Бул Синара Тобунун жана Siemens концернинин биргелешкен ишканасы.

Артак Камалян ар түрдүү модификациялардагы жүк ташуучу магистралдык электровоздордун, ошондой эле "Ласточка" жогорку ылдамдыкта жүрүүчү поезддеринин өндүрүшү менен таанышты.

Министр өндүрүштүн заманбап техникалык жабдуусунун масштабдарына жана деңгээлине жогору баа берди жана заводдун Бирликтин өлкөлөрүнүн өнөктөш ишканалары менен кооперациялык байланыштарынын андан ары өнүгүүсүнө жана бекемделүүсүнө үмүтүн билдирди.

"Биз Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин темир жол транспорту үчүн өнөр жай продукциясын өндүрүү чөйрөсүндөгү кызматташтыгын өнүктүрүүгө кызыкдарбыз, – деди Артак Камалян. – Комиссия бул багытта активдүү иштөөдө. Профилдик министрликтердин жана ведомстволордун, бизнестин, эксперттик коомдоштуктардын өкүлдөрүнүн катышуусунда эксперттик топ түзүлдү. Синара Тобунан ага эки өкүл кирет. Бирликтин өлкөлөрүнүн темир жол транспорту үчүн өнөр жай продукциясын өндүрүү тармагындагы биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууга даяр болгон кызыкдар өнөр жай ишканаларынын Бирдиктүү тизмеги түзүлүп, Комиссиянын сайтында жайгаштырылды. Бүгүнкү күндө ага жүздөн ашуун ишкана кирет".

ЕЭК министри белгилеп өткөндөй, биргелешкен продукцияны үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна чыгаруу максатында ушул жылдын аягына чейин ЕЭК Коллегиясынын отурумунда Бирликтин ички рыногунда өндүрүүчүлөрдүн кызматташтыгына жана темир жол машина куруу тармагын өнүктүрүү боюнча биргелешкен мамилелерди иштеп чыгууга багытталган сунуштаманын долбоорун карап чыгуу пландаштырылган.

Маалымат:

"Уральские локомотивы" ЖЧК жогорку үнөмдүүлүгү, жогорку керектөөчүлүк, эксплуатациялык жана экологиялык сапаттары менен өзгөчөлөнгөн жаңы муундагы сүйрөгүч жана моторвагондуу кыймылдуу курамдарды өндүрөт. 2020-жылда заводдун өндүрүштүк программасы 600 млн евродон ашып, персоналынын саны 4 миң кызматкерди түздү.