ТЕХНИКАЛЫК ЖӨНГӨ САЛУУ МЕТОДОЛОГИЯСЫ

 
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдиги жөнүндөкелишимге ылайык, техникалык жөнгө салуу - продукцияга же продукцияга жана агабайланыштуу долбоорлоо (анын ичинде издөөлөр), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөнгөсалуу, пайдалануу, сактоо, ташуу, сатуу жана утилизациялоо процесстерине карататалаптарга байланыштуу милдеттүү талаптарды аныктоо, колдонуу жана аткаруужаатында мамилелерди укуктук жөнгө салуу, ошондой эле шайкештикти баалоожаатында мамилелерди укуктук жөнгө салуу. 


ЕВРАЗИЯ ЭКОНОМИКАЛЫК БИРИМДИГИНДЕ ТЕХНИКАЛЫК ЖӨНГӨ САЛУУ СИСТЕМАСЫ

















Техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө системаны андан ары калыптандыруу жана интеграцияны өнүктүрүү үчүн 3 макулдашуунун долбоорлору иштелип чыгарылган. 

 

 
 
 
Евразия экономикалык биримдигинин техникалык регламенттери Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2012-жылдын 20-июнундагы № 48 чечими менен бекитилген (Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 18-октябрындагы № 147 чечиминин редакциясында) Евразия экономикалык биримдигинин техникалык регламентин иштеп чыгаруу, өзгөртүү киргизүү жана жокко чыгаруу тартибине ылайык иштелип чыгарылат жана кабыл алынат.
 
Көрсөтүлгөн тартиптин 2-пунктуна ылайык техникалык регламенттердин долбоорлорун иштеп чыгуу өзүнө төмөнкүдөй баскычтарды (процедураларды) камтыйт
 
 
 
 
 
  
Техникалык регламенттерди иштеп чыгуунун схемасы менен бул шилтеме боюнча таанышууга болот.
Техникалык регламенттерди иштеп чыгаруу жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иштердин координациясын Евразия экономикалык комиссиясы жүргүзөт.
 

Кабыл алынган техникалык регламенттер менен тамак-аш продукциясы, оюнчуктар, тиричилик техникасы, бензин ж.б. сыяктуу массалык талаптагы товарлардын кеңири ассортиментинин коопсуздугуна карата талаптар аныкталат. 

Биримдиктин 42 техникалык регламенти кабыл алынган.


 
 
 

2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимде милдеттүү талаптар аныкталган продукциянын тизмеси Евразия экономикалык биримдигинин алкагында бирдиктүү болушу керектиги аныкталган. 

Бирдиктүү тизме Биримдиктин мүчө мамлекеттеринде милдеттүү жөнгө салуу чөйрөсүнө кирген объектилерден түзүлгөн, азыркы учурда ага 66 позиция киргизилген.

Бирдиктүү тизмени түзүү жана жүргүзүү тартиби Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 17-мартындагы № 23 чечими менен аныкталган.


Техникалык регламенттерге карата стандарттардын тизмеси Евразия экономикалык комиссиясынын 2016-жылдын 18-октябрындагы № 161 чечими менен бекитилген Тартипке ылайык иштелип чыгарылат жана кабыл алынат.

 
 
Техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө суроолорго жоопторду "Актуалдуу суроолор" бөлүмүнөн окуй аласыздар