Жаңылыктар

25.01.2023 (Обновлено: 31.01.2023 10:09)

ЕЭК туш кагаздарды өндүрүү үчүн полимерлерге карата алып келүү алымын бир жылга нөлгө түшүрдү

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши туш кагаздарын өндүрүү үчүн пластификацияланган поливинилхлоридге карата алып келүү бажы алымынын ченин убактылуу нөлгө түшүрүү жөнүндө чечим кабыл алды – 2024-жылдын 29-февралына чейин кошо алганда. Бул товарга ЕАЭБдин ББТнын колдонуудагы чени 6,5%ды түзөт.

"Полимер ротациялык-трафареттик басып чыгаруу ыкмасы менен кагаз жана токулбаган кездеме (флизелин) боюнча басып чыгаруу үчүн арналган жана азыркы учурда Евразия экономикалык бирлигинин аймагында зарыл көлөмдө өндүрүлбөйт", – деп түшүндүрдү ЕЭКтин бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян.

Анын айтымында, Бирликке кирген бир катар өлкөлөргө карата тышкы санкциялардын шарттарында бажы-тарифтик жөнгө салуунун кабыл алынган чарасы ички рынокто туш кагаздарды өндүрүүчүлөрдү колдоого мүмкүндүк берет.

Чечим расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 10 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Маалымат

Комиссиянын Кеңешинин 2017-жылдын 22-августундагы № 47 жана 2018-жылдын 5-декабрындагы № 97 чечимдерине ылайык, каралып жаткан товарларга карата алып келүү бажы алымдарынын нөлдүк чени буга чейин 2017-жылдын 14-октябрынан тарта 2020-жылдын 31-декабрына чейин кошо алганда колдонулган.