Жаңылыктар

20.06.2022

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович: "Ишкердик коомдоштукту илимий иштелмелерди каржылоого активдүүрөөк тартуу зарыл"

"Перспективдүү илимий иштелмелер жана долбоорлор техникалык кайра куралдануунун жана инновациялык өнүгүүнүн негизги элементи болуп, Евразия экономикалык бирлигинин өз алдынчалыгынын базисин түзүшү жана катышуучу өлкөлөрдүн экономикалык өсүшүн камсыз кылышы зарыл", – деп ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович 20-июнда "Жаңы экономикалык сыноолор шарттарында илимий-техникалык кызматташтык ЕАЭБдин өнүгүүсүнүн негизи катары: көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору" эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциясында сөз сүйлөп жатып билдирди. Конференция Евразия экономикалык комиссиясы жана Беларустун Улуттук илимдер академиясы тарабынан уюштурулду.

Конференцияга ЕАЭБ өлкөлөрүнүн илим, билим берүү, өндүрүштүк ишканаларынын жана мамлекеттик ведомстволорунун өкүлдөрү катышышты. Алар жабдуулардын жана технологиялардын импортунан көз карандылыкты азайтуу боюнча колдонмо милдеттердин чечимдерин талкуулашты, жеке колдонмо илимий базаны өнүктүрүүнүн перспективдүү багыттарын аныкташты.

Конференциянын алкагында төрт секция болуп өттү: фармацевтикалык жана биологиялык продукциянын рыногундагы өндүрүш жана импортту алмаштыруу; маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (МКТ); машина курууну жана материалдардын жаңы түрлөрүн иштеп чыгууну өнүктүрүү; түзүмдүк жана технологиялык трансформация шарттарында ЕАЭБдин экономикасын өнүктүрүү маселелери. Конференциянын жыйынтыктары ЕЭК Коллегиясынын Төрагасына караштуу Илимий-техникалык кеңештин Президиумунун кеңейтилген отурум форматында өткөрүлгөн пленардык отурумунда чыгарылды.

Михаил Мясникович пленардык отурумдун алкагында белгилеп өткөндөй, конференциянын жыйынтыктары боюнча түзүлгөн сунуштар биргелешкен программаларды жана жогорку технологиялык долбоорлорду даярдоодо жана ишке ашырууда, илим жана технологиялар боюнча улуттук маалыматтар базасын түзүүдө эске алынат, ошондой эле ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикасынын ички туруктуулугун жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү боюнча учурда түзүлүп жаткан жогорку деңгээлдеги жумушчу топтун ишинде суроо-талапка ээ.

"Учурда Комиссия мүчө мамлекеттер менен биргеликте Бирликтин илимий-техникалык өнүгүүсүнүн стратегиялык программасын жана приоритеттерин иштеп чыгууда. Төмөнкү багыттар приоритеттүү катары каралууда: маалыматтык-коммуникациялык технологиялар; биотехнологиялар, фармакология жана медицина; машина куруу, жаңы материалдарды жана отунду өндүрүү, айыл чарба, тоо-кен казып алуу тармактарынын технологиялары. Тизмек ачык жана зарыл болгондо толукталышы мүмкүн", – деди ЕЭК Коллегиясынын башчысы.

Анын айтуусу боюнча, ЕАЭБ өлкөлөрү азырынча ИДӨнүн илим сыйымдуулугунун көрсөткүчтөрү боюнча артта калууда. Алсак, дүйнөлүк ИДӨдө ИИТКИлерге чыгымдар туруктуу негизде өсүп, 4%га жакындоодо. ЕАЭБ өлкөлөрүндө бул көрсөткүч болжол менен 1% түзөт.

Андыктан, перспективдүү илимий изилдөөлөрдү жана тажрыйба-конструктордук иштелмелерди каржылоонун натыйжалуу механизмдерин киргизүү маселеси актуалдуу болуп саналат. Михаил Мясникович ЕАЭБде тийиштүү институционалдык инфраструктура жоктугун, аны түзүү үчүн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тийиштүү чечиминин долбоорун иштеп чыгуу пландаштырылып жаткандыгын белгиледи.

Ошондой эле, ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы илимий-изилдөө мекемелеринин жана өндүрүштүк аянтчалардын ортосунда байланыштарды жолго коюуга өзүнчө көңүл бөлүү зарыл деп эсептейт.

Буга байланыштуу ал Комиссиянын аянтчасында ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын алдындагы Илимий-техникалык кеңештин жана ЕЭКтин жана ЕАЭБдин Ишкердик кеңешинин өз ара аракеттенүүсү боюнча консультативдик комитеттин биргелешкен отурумун өткөрүүнү сунуш кылды.

Беларусь УИАнын Президиумунун Төрагасы Владимир Гусаков пленардык отурумда бүгүнкү күндө күн тартибинде абдан актуалдуу болуп саналган Бирликтин мамлекеттеринин илимий-техникалык өнүгүүсүнүн приоритеттери маселеси тургандыгын белгиледи. "Бул илимий-инновациялык коопсуздукту камсыз кылуу жана биздин өлкөлөрүбүздүн ар биринин жана жалпы эле интеграциялык бирикменин технологиялык суверенитетин бекемдөө боюнча конкреттүү багыттарды жана чараларды аныктоо жөнүндө маселе", – деп Владимир Гусаков баса белгиледи.

Ал балансталган мамлекеттик өнүгүүгө жетишүү үчүн, ар бир өлкөнүн конкреттүү илимий-техникалык компетенцияларына таянуу менен, Бирликтин мамлекеттеринин потенциалдарын бириктирүүнү сунуш кылды.

Машина курууга жана жаңы материалдарга арналган сессияын жыйынтыктарын чыгарып жатып, ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян, талкуунун катышуучулары ЕАЭБ өлкөлөрүндө импортту алмаштырууну өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бөлүү зарыл экендигине макул болушту деп белгиледи.

Буга байланыштуу, Артак Камаляндын айтуусу боюнча, Комиссия мүчө мамлекеттер менен биргеликте кооперациялык долбоорлорду каржылоо маселесин чечиши, ошондой эле биргелешкен маалыматтык-талдамалык ишти улантышы зарыл.

"Бирликте кооперацияны жана импортту алмаштырууну андан ары тереңдетүүгө келсек, иштин мындай багыттары ЕАЭБдин Индустриалдаштыруу картасында камтылган. Бул маалыматтык ресурста жалпы суммасы $195 млрд. долларды түзгөн, учурда ишке ашырылып жаткан жана пландаштырылып жаткан дээрлик 200 ири инвестициялык жана кооперациялык долбоорлор жөнүндө маалыматтар топтолгон. Кеп учак жана кеме куруу, автомобиль жана жеңил өнөр жай, фармацевтика индустриясы, металлургия, курулуш материалдарынын өнөр жайы, курулуш-жол, атайын жана коммуналдык техниканы өндүрүү жана башка тармактар жөнүндө болууда. Индустриалдаштыруу картасы туруктуу негизде жаңыланып турат", – деди Артак Камалян.

Интеграция жана макроэкономика боюнча министр Сергей Глазьев, өз кезегинде, ЕАЭБдин илимий-техникалык өнүгүүсүнүн стратегиялык программасын иштеп чыгуунун маанилүүлүгү жөнүндө билдирди. Анын өзөгү – жалпы өнүгүү приоритеттерин иштеп чыгуу болушу зарыл. "Биз жаңы технологиялык тартиптин маңызы болуучу алдыңкы технологияларга басым жасашыбыз керектиги айкын", – деп ишенет Сергей Глазьев. Анын айтуусу боюнча, иштөө үчүн долбоорлор эксперттердин кеңири тобу тарабынан тандалмакчы – 2000 адамга чейин.

ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко ЕАЭБде техникалык жөнгө салууну бир түргө келтирүүнүн деңгээли жөнүндө айтып берди. "Техникалык жөнгө салуу Бирликтин рыногунда жүгүртүлүп жаткан продукциянын 88% камтыйт. Стандарттарды шайкеш келтирүүнүн деңгээли, мисалы, электротехникага стандарттарды эл аралык талаптарга шайкеш келтирүү, учурда 80%дан ашат. Атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жана экспорттук потенциалды жогорулатуунун маанилүү аспекти Бирликтин регламенттеринин илимий-техникалык деңгээлин мезгилдүү негизде баалоо болуп саналат", – деп эсептейт Виктор Назаренко.

Пленардык отурумдун алкагында Михаил Мясникович Беларусь Улуттук илимдер академиясынын бир катар мүчөлөрүнө евразиялык интеграцияны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ардак грамоталарды тапшырды. Владимир Гусаков, өз кезегинде, Сергей Глазьевди Беларусь Улуттук илимдер академиясынын "Ата-мекендик илимге өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн" чоң медалы менен сыйлады жана Беларусь УИАнын чет өлкөлүк мүчөсү болуп шайлангандыгы менен куттуктады.