Նորություններ

01.06.2020 (Обновлено: 31.10.2020 12:28)

ЕЭКтин интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары болуп Елена Данилова дайындалды

Елена Владимировна Данилова 1963-жылдын 25-майында төрөлгөн. М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин экономика факультетин жана аспирантурасын бүтүргөн. Экономика илимдеринин кандидаты. Англис, француз жана поляк тилдеринде эркин сүйлөйт, немис жана испан тилдерин билет. Елена Владимировна Данилова 1963-жылдын 25-майында төрөлгөн. М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин экономика факультетин жана аспирантурасын бүтүргөн. Экономика илимдеринин кандидаты. Англис, француз жана поляк тилдеринде эркин сүйлөйт, немис жана испан тилдерин билет. 1991-жылдан тарта Тышкы экономикалык байланыштар министрлигинин тутумунда, Россия Федерациясынын монополияга каршы саясат боюнча Мамлекеттик комитетинде иштеген. 2002-2020-жылдардын аралыгында Россия Федерациясынын Экономикалык өнүгүү министрлигинде ар кандай жетекчилик кызматтарда иштеп келген. Соода саясаты, Россиянын БСУга кошулушу, тышкы экономикалык ишмердик жаатындагы стратегиялык документтерди иштеп чыгуу, РФтин чет өлкөлөрдөгү соода өкүлчүлүктөрүнүн тутумун өнүктүрүү, чет өлкөлөр жана ЕБ менен эки тараптуу кызматташтык, эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүү, евразиялык интеграцияны өнүктүрүү маселелери үчүн жооптуу болуп келген. 2020-жылдын январында Евразия экономикалык комиссиясына иштөөгө келген. Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалганга чейин интеграция жана макроэкономика министринин кеңешчисинин кызматын ээлеп турган. Россия Федерациясынын жана Француз Республикасынын мамлекеттик жана өкмөттүк сыйлыктарынын ээси.​