Жаңалықтар

01.07.2021

"Астана" Эл аралык каржы борборунда Евразия зер экспорттоо бюросу ачылды

"Астана" Эл аралык каржы борборунунун негизиндеги Евразия зер экспорттоо бюросунун салтанаттуу ачылыш аземи 1-июлда J-1 Kazakhstan Эл аралык зер буюмдар көргөзмө-конгессинин алкагында орун алды.

Бюрону түзүүнүн максаты ЕАЭБдин зер тармагын глобалдык рынокто позициялоо, Бирликтин өлкөлөрүнүн зер продукциясын илгерилетүү, үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна экспорттун натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Бюронун алдына евразиялык буюмдардын жогорку сапатын камсыз кылуу, перспективдүү рынокторду издөө, евразиялык экспорттоочуларга чет өлкөлөрдө көргөзмө-жарманке ишмердигин уюштурууда көмөк көрсөтүү боюнча милдеттер коюлган. Мындай мамиле чет өлкөлүк керектөөчүлөрдү кызыктырууга жана улуттук бренддерди колдоого мүмкүндүк берет.

ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян иш-чаранын катышуучуларына кайрылуу сөзүндө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын жана зер ассоциацияларынын өкүлдөрүнө зер буюмдарынын экспортун биргелешип илгерилетүүгө карата мамилелерди аныктоо жана анын концепциясын макулдашуу боюнча жасаган иши үчүн ыраазычылыгын билдирди.

"Биз келечекте да Бирликтин өлкөлөрүндө компаниялар тарабынан ишке ашырылган ушул сыяктуу долбоорлорду колдоого даярбыз, – деп көзргөзмөдө ЕЭКтин өнөр жай саясаты департаментинин директору Николай Кушнарёв билдирди. – Бул евразиялык зер тармагынын компетенциясынын жогорулашына, биздин өндүрүүчүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейүүсүнө, ата-мекендик жана чет өлкөлүк керектөөчүлөрдүн муктаждыктарынын канааттандырылышына алып келет".

Департаменттин директорунун айтуусу боюнча, жакынкы мезгилде ЕЭК Кеңеши бюронун андан аркы ишинин пландарын, ошондой эле экспорттоочуларды колдоонун мүмкүн болгон чараларын талкууламакчы.

Маалымат:

J-1 Kazakhstan — Евразия экономикалык бирлигинин мейкиндигиндеги алгачкы евразиялык зер көргөзмө-конгресси. Ал зер буюмдарынын ар түрдүү өлкөлөрдөгү алдыңкы өндүрүүчүлөрүн, кымбат баалуу металлдардын жана асыл таштардын жеткирүүчүлөрүн, ошондой эле тармактын эксперттерин бириктирет.