Григорян Мгер Гербертович

Григорян Мгер Гербертович

1972-жылдын 15-февралында Аштарака шаарында туулган.

1989-1991-жылдары – Москва мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинде окуган.

1991-1994-жылдары – Ереван мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинде окуусун аяктап, юрист квалификациясын алган.

1997-1998-жылдары – Лидс университетинин (Улуу Британия) бизнес мектебинде 6 айлык квалификация курсун аяктаган.

1994-1996-жылдары – жеке ишкердик менен алектенген.

1996-жылы – Борбордук банкта кесиптик ишмердигин баштап, 1997-1999-жылдары Борбордук банкта юридикалык бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

1999-2005-жылдары – "Айнерардбанк" (азыркы "Америя" банкы) юридикалык кызматтын жетекчиси, операциялар боюнча директор болуп иштеген.

2002-2006-жылдары – Дүйнөлүк банкка юридикалык консалтингдик кызматтарды көрсөткөн.

2004-2005-жылдары – "HSBC-Армения" банкында юридикалык кызматтын жетекчиси катары айкалыштырып иштеген.

2005-2007-жылдары – "Инекобанк" аткаруучу директорунун кызматын ээлеген.

2007-2011-жылдары – "ВТБ-Армения" банкынын аткаруучу директорунун орун басары кызматын ээлеген.

2006-2018-жылдары – "Арка Кредит Репортинг" кеңешинин мүчөсү болуп иштеген.

2011-2018-жылдары – "Ардшинбанка" башкармалыгынын төрагасынын кызматын ээлеген.

2012-2018-жылдары – "Армения Иншуранс" камсыздандыруу компаниясы кеңешинин төрагасынын кызматын ээлеген.

2018-жылдын 12-майынан тарта Армения Республикасынын вице-премьери болуп дайындалган.

2018-жылдын 16-октябрынан тарта Армения Республикасынын вице-премьеринин милдетин аткарган.

2019-жылдын 16-январынан тарта Армения Республикасынын вице-премьери болуп дайындалган.

2021-жылдын 3-августунан тарта Армения Республикасынын вице-премьери болуп дайындалган.