Жаңылыктар

24 2021 "Бизнес ЕЭКтин күн тартибин аныкташы керек, биз - бизнести угушубуз керек" "Атаандаштык жана мыйзам" журналында жарыяланган №1, 2021-жыл Евразия экономикалык комиссиясынын монополияга каршы блогу былтыркы жылы атаандаштыкты коргоо жаатындагы негизги ньюсмейкерлердин бири болгон. Жөнгө салуучунун пландары да масштабдуу: атаандаштыкка каршы санарип тажрыйбаларга каршы күрөшүү, адистештирилген колдонмолорду иштеп чыгуу, үчүнчү өлкөлөрдүн компанияларына ЕЭКтин ыйгарым укуктарын кеңейтүү, улуттуктан жогору деңгээлде шайкештик тутумун жана бизнес менен өз ара аракеттенүүнүн интерактивдүү форматын киргизүү. Блоктун 2020-жылдагы ишинин негизги жыйынтыктары кандай? Жана 2021-жылга максаттары кандай? ЕЭК Коллегиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министри) Арман Абаевич Шаккалиев баяндайт. Монополияга каршы жөнгө салуу туурасында "цифралар" менен.​
24 2021 ЕАЭБ санарип рынокторду жөнгө салуунун жаңы ыкмаларын өздөштүрөт - ЕЭК министри Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБдеги ишкердик чөйрөнү тынымсыз өркүндөтүп турат жана анын багыттарынын бири монополияга каршы жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүү болуп саналат. ЕЭКте 18-февралда Монополияга каршы форумдун жүрүшүндө сунушталгандай, Евразия бирлиги монополияга каршы комплаенске карата жаңы мамилелерге муктаж, анткени учурдагы эрежелер бирдиктүү стандарттарга келтирилген эмес. Маселе санариптик рынокторго да тиешелүү, алардын өнүгүшү пандемиянын жана ага байланыштуу чектөөлөрдүн таасири астында күч алган. ЕЭК атаандаштыкты коргоо боюнча учурда кандай чараларды колдонуп жаткандыгы жана кандай өзгөрүүлөрдү даярдап жаткандыгы туурасында, «Евразия.Экспертке» болгон маегинде Комиссиянын Коллегиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министри) Арман Шаккалиев айтып берди.​
14 2016 ЕАӨБ конференциясында ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисяндын сүйлөгөн сөзүнүн тезистери, “Ведомости” гезитинде жарыяланган: “Жетишсиз интеграцияны жеңип чыгуу” Евразия мейкиндигинде экономикалык өсүш үчүн али колдонула элек зор потенциал бар эсептейм. Биздин өлкөлөрдүн экономикалык өсүшүнө күчтүү өбөлгө бере ала турган негизги инструмент, бүгүнкү күндө түзүлгөн дал ушул улуттуктун үстүндөгү институт болушу мүмкүн деп ойлойм. Анткени биздин негизги миссиябыз - өлкөлөрдө топтолгон эң мыкты тажрыйбаларды жалпылай алышыбыз керек, жана ошондой эле эл аралык тажрыйбага, Европалык союздун тажрыйбасына таянуу менен, биздин өлкөлөрдө экономикалык өсүштү өбөлгөлөй ала турган бул жаңы улуттуктун үстүндөгү институттарды жайылтуу болуп саналат. Биздин Биримдик келишиминин негизинде жаткан аксиоматика төмөнкүдө турат: эгерде биз бирдиктүү экономикалык мейкиндик түзсөк, тоскоолдуктарды, чектөөлөрдү жана алып коюуларды четтетсек, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтөрдүн эркин кыймылы үчүн шарттарды түзсөк, мунун өзү экономикалык өсүш үчүн олуттуу потенциал жаратат.
18 2016 ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Министри Карине Минасянды Тасс МА берген интервьюсу: “ЕАЭБде инновациялардын тобокелдиги сыйланып турушу керек” 2015-жылы Евразия экономикалык биримдиги иштеп баштады, ага бүгүнкү күнү беш мамлекет кирет: Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан жана Россия. Эгер 20 жыл мурдагы евразия интеграциясынын кайра жандануу этабында биринчи кезекте кеп соода кызматташуусу туурасында жүрсө, барган сайын күн тартиби кеңейе берген. Биримдиктин алдындагы жаңы чакырыктар оргуган маалыматтык-технологиялык өнүгүүнү жаратты. Онлайн-сооданы ирээтке келтирүү, интернет тармагындагы мыйзамдардын үстүнөн биргелешип иштөө, электрондук өкмөттөрдүн өз ара аракет тутумдарын иштеп чыгуу, тобокелдик каржылоо базарын түзүү жана жалпы эле биргелешип инновацияны өнүктүрүү зарылдыгы пайда болду. Ошондуктан, ушул жылы ЕАЭБ тескөөчү органы Евразия экономикалык комиссиясында жаңы ишмердүүлүк багыты пайда болду. Анын негизги милдеттеринин бири - бирдиктүү санарип мейкиндигин куруу, сандык технологияларды өнүктүрүү. Бул тармакта жасалып жаткан иштер туурасында, ”Евразия жумалыгы” форумунун жыйынтыгы боюнча, жана интеграциялык кызматташуунун жаңы багытын түзүүнүн биринчи жылдыгынын босогосунда ТАССка берген интервьюсунда ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Коллегия мүчөсү Карине Минасян төмөнкүлөрдү айтып берди.​
Дагы көрсөтүү