Жумангарин Серик Макашевич
1969-жылы Актөбе шаарында төрөлгөн.
Ленин орденинин жана Октябрь Революциясы орденинин Москва энергетикалык институтун, Е.А. Букетов атынданы Караганда мамлекеттик университетин, Эл аралык бизнес академиясын бүтүргөн.
1993-2004-жылдары ишкердик ишмердик менен алектенген.
2005-2006-жылдары – Актөбе шаарынын экономика жана бюджетти пландоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары; Актөбе шаарынын ишкердик бөлүмүнүн башчысы.
2006-2007-жылдары – Казакстан Республикасынын Табигый монополияларды жөнгө салуу боюнча агенттигинин Актөбе областы боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары.
2007-2008-жылдары – Казакстан Республикасынын Табигый монополияларды жөнгө салуу боюнча агенттигинин Актөбе областы боюнча башкармалыгынын башчысы; Казакстан Республикасынын Табигый монополияларды жөнгө салуу боюнча агенттигинин Актөбе областы боюнча департаментинин директору.
2008-2010-жылдары – Казакстан Республикасынын Индустрия жана соода министрлигинин Соода комитетинин төрагасынын орун басары, Сооданы өнүктүрүү департаментинин директору; "Казакстан контракттык агенттиги" АКнын Башкармасынын төрагасынын орун басары.
2010-2011-жылдары – "NadLoc" жергиликтүү камтууну өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиги" АКнын башкармасынын төрагасынын орун басары, биринчи орун басары.
2012-2013-жылдары – Казакстан Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин Регионалдык саясат жана бюджеттер аралык мамилелер департаментинин директору; Казакстан Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин Регионалдык өнүгүү комитетинин төрагасы.
2013-2014-жылдары – Казакстан Республикасынын регионалдык өнүгүү боюнча вице-министри.
2014-2017-жылдары – Казакстан Республикасынын Улуттук экономика министрлигинин Табигый монополияларды жөнгө салуу жана атаандаштыкты коргоо боюнча комитетинин төрагасы.
2017-2019-жылдары – Казакстан Республикасынын улуттук экономика боюнча вице-министри.
2019-2020-жылдары – Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министри).
2020-2022-жылдары – Казакстан Республикасынын атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү боюнча агенттигинин төрагасы.
2022-2023-жылдары – Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри.
2023-жылдын 2-сентябрында Казакстан Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары болуп дайындалган.
2024-жылдын 6-февралында Мамлекет башчысынын Жарлыгы менен Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары болуп дайындалган.
2024-жылдын 21-декабрында Мамлекет башчысынын Жарлыгы менен Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – Улуттук экономика министри болуп дайындалган.