i.jpg

 

ББ ЖАНА БЭМ МҮЧӨ МАМЛЕКЕТТЕРДИН ЭКОНОМИКАСЫНЫН АРТЫКЧЫЛЫКТУУ СЕКТОРЛОРУНУН АБАЛЫНА МЕЗГИЛДҮҮ БАЯНДАМАЛАР ​

Бул бөлүмдө Бажы бирлигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке мүчө мамлекеттердин экономикасынын артыкчылыктуу секторлору боюнча мезгил-мезгили менен берилүүчү маалыматтар берилген. Анда өнөр жай өндүрүшүнүн индексинин динамикасы, продукциялардын айрым түрлөрүн өндүрүү динамикасы, товарлардын тышка жана өз ара сатылышы, ошондой эле экономиканын белгилүү бир секторуна (тармагына) тиешелүү продукцияны өндүрүү көлөмүнүн үчүнчү өлкөлөр менен тышкы соода жүргүзүүдөгү аталган продукциянын импорту менен экспортунун көлөмүнүн катышы, андан тышкары, Бажы бирлигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке мүчө мамлекеттердин өз ара соодасы тууралуу  камтылган. 


 

     

 

Шестеренка.jpg


      

ТАРМАКТАР БОЮНЧА БАЯНДАМАЛАР

Бул бөлүмдө   өндүрүш, тышкы жана ички соода көлөмүнүн динамикасы, продукциянын ички рынокто сатылуу көлөмүнүн динамикасы, ошондой эле ББ жана БЭМ мүчө мамлекеттердин экономикасынын артыкчылыктуу секторлорунун учурдагы абалына жана келечекте өнүгүүсүнө таасир этүүчү факторлор боюнча талдап-иликтөөлөр келтирилген.