ИШКЕРДИК, КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮ САТУУ, УЮШТУРУУ, ИШМЕРДИК ЖАНА ИНВЕСТИЦИЯЛАРДЫ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЧӨЙРӨСҮНӨ КӨП БЕРИЛҮҮЧҮ СУРООЛОР
 
Товарларды өз ара соодалоодо чектөөлөр колдонулушу мүмкүнбү?
 
Келишимдин 28-беренесинде Бирликтин мүчө мамлекеттери тарабынан ички рыноктун иштөөсүнүн алкагында товарларды өз ара сатууда тарифтик эмес жөнгө салууну колдонбоо каралган.

Эгер чектөөлөр (мындай чаралар акталбаган басмырлоонункаражаты же сооданы тымызын чектөө болуп эсептелбеген шартта) өлкөнү коргоо жана мүчө мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо үчүн зарыл болгон шарттарда, адамдын өмүрүн жана саламаттыгын сактоо, коомдук моралды жана укук тартибин, ошондой эле жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү, маданий баалуулуктарды коргоо максатында мүчө мамлекеттер товарларды өз ара сатууда ушундай чектөөлөрдү колдонушу мүмкүн. (Келишимдин 29-бер.)

Келишимде Бирликтин мүчө мамлекеттеринин жактарына карата уюштурууда, ишмердикте жана кызматтарды көрсөтүүдө кандай жаңы кепилдиктер белгиленген? Келишимдин улуттук жана башка режимдик жоболорунун өзгөчөлүктөрү эмнеде?

Келишимдин № 15 бөлүмү улуттук режимди (мындан ары - УР) берүүнү кепилдейт, б. а. башка Тараптардын жактарына (анын ичинде жарандарды, жеке ишкерлерди, кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдү жана алуучуларды уюштуруучуларды, туунду жана башка Тараптардын жактары тарабынан көзөмөлдөнүүчү) уюштурууну, ишмердикти жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатууну жүзөгө ашыруу шарттарын өз өлкөсүнүн жактарына берилүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн начар эмес абалда, бардык чараларга карата шарттарды берүү. 01.01.2015 чейин УРди чет элдик капиталы бар жак үчүн же башка Тараптардын жактары тарабынан түзүлгөн же алардын катышуусу менен туунду уюмдар үчүн колдонууга мумкүн эмес эле. Эми УР ар кандай юридикалык жана жеке жактарга, анын ичинде Бирликтин аймагында түзүлгөн же уюшулган филиалдарга жана өкүлчүлүктөргө да кепилденет.

Эң жагымдуу режимди (мындан ары- ЭЖР) берүү боюнча Тараптардын кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга милдеттенмелери жок эле. Эми кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга ЭЖР (б.а. үчүнчү өлкөлөрдөн ушундай кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга берилгенден начар эмес режим) кепилденет. Эгер үчүнчү жактар үчүн киргизилген чараларга караганда көбүрөөк жагымдуу режим колдонулган учурда, бул чараны киргизген мамлекет Тараптын жактары үчүн да автоматтык түрдө ошондой эле, же жагымдуулугу андан кем болбогон режимди жайылтууга милдеттүү. Мурда ЭЖР бир Тараптын жагы, экинчи Тараптын аймагында аракеттенсе, ЭЖРды колдонууга мүмкүн эмес эле. Ар кандай Тарап үчүнчү жактын жактарына карата ар кандай артыкчылыктарды беришчү, башка Тараптын жактарына ушундай эле жеңилдиктерди (анын ичинде ал алып коюулардын тизмегинде жок болгон учурда да ) беришчү эмес.

01.01.2015-ж.тартып ЭЖР ар кандай юридикалык жана жеке жакка, анын ичинде Бирликтин мүчө мамлекеттеринин кайсынысынын аймагында болбосун уюшулган же түзүлгөн филиалдарга жана өкүлчүлүктөргө кепилденген.

01.01.2015-ж. тартып аларга карата УР, ЭЖР жана башка, Келишимдин № 15 бөлүмү менен каралган кепилдиктердин тизмеги, “негативдик” принцип боюнча (башкача айтканда, эгер горизонталдык жана секторалдык чектөөлөр жок болсо, кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык секторлору ишмердиктин түрлөрү бош болсо) түзүлгөн. Мындай БСУ жана интеграциялык бирликтер тарабынан кабылданбаган киргизилген жаңылык либералдаштыруу кучагына алган кызмат көрсөтүүлөрдүн секторлорунун санын кеңейтүүгө шарт түздү. Ушуга байланыштуу Тараптардын ишкерлери үчүн кызматтарды көрсөтүү (керектөө), ишмердикти жүзөгө ашыруу жана инвестициялар үчүн көп сандаган рыноктор ачылды.

Ошентип, Келишимдин № 15 бөлүмүндө гана интеграциялык бирикмелердин тарыхында биринчи жолу толук кандуу УР, ЭЖР, Бирликтин мүчө мамлекеттеринин бардык жактарына өзүнүн аракетин жайылтуучу сандык жана инвестициялык чектөөлөрдү колдонбоо режими белгиленген.

Чектөөлөрдүн жана алып коюулардын тизмеги кайсы документтерде камтылган? Алар баарын камтуучу болуп саналабы?

№ 16 тиркеменин 2- пунктунда ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү ЖЕЭКтин бекитүүсүнө жалаң гана жеке улуттук тизмек (мындан ары - ЖУТ), ошентип ЕАЭБ жөнүндө келишимдин аталган ченемдерин жүзөгө ашыруу менен ал кызмат көрсөтүүнүн “көмүскө” секторлорун жана ЖУТ ишмердиктин түрлөрүн ыкчам жана баскыч менен чыгарууга шарт түзөт.

Келишимдин № 16 тиркемесинин № 2 тиркемеси жана Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 23.12.2014 № 112 чечими (мындан ары - № 112 чечим) горизонталдык чектөөлөрдүн минималдык топтомуна жана секторалдык алып коюуларга, анын ичинде УР, ЭЖР, сандык жана инвестициялык чектөөлөр режимдерин колдонбоо каралган.

Мүчө мамлекеттер тарабынан жаңы чектөөлөрдү, анын ичинде кодулабаган негизде киргизүү мүмкүнбү?

ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 66-беренеси камсыздайт: 1) жетишилген келишимдерден четтөөлөргө жол коюлбастык жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатууну делибералдаштыруу, уюштуруу, ишмердик жана инвестицияны жүзөгө ашыруу; 2) аракеттеги жобону рынокто бекитүү; 3) кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда, уюштурууда, ишмердикте жана инвестицияларды жүзөгө ашырууда туруктуулук жана мүчө мамлекеттердин жактарына берилүүчү режимди начарлатууга тыюу салуу.

Бул ченем ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 67-беренесинде баяндалган “ырааттуулук” принциби менен күчөтүлөт, ал ар кандай чараны колдонууда ЕАЭБ жөнүндө келишимге кол коюлган күнгө карата (б.а. 29.05.2015) аракеттеги шарттарга салыштырганда өз ара жетүүнүн шарттарын жана ушул Келишимде бекитилген шарттарды начарлатууга жол коюлбайт.

Акыр аягында, Келишимге № 16 тиркеменин 62-пунктунун негизинде Тараптар мыйзамдарында белгиленген эмес жана алар бизнестин ар кандай субъектисинин пайдасын жокко чыгарат же кыскартат жана мындай Тарап тарабынан 29.05.2015 карата колдонулбаган уруксат берүүчү талаптарды жана жол-жоболорду колдоно алышпайт.

Ошентип, Келишимдин № 15 бөлүмүндө гана интеграциялык биригүүлөрдүн тарыхында алгачкы жолу:

Бирлик жөнүндө келишим күчүнө кирген күнгө карата эл аралык макулдашууларда да, ошондой эле улуттук мыйзамдарда да белгиленген колдонуудагы режимдерди начарлатуунун мүмкүн эместиги белгиленди;

кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда, уюштуруу жана ишмердикте улуттук жана улуттан жогорку жөнгө салууда аракеттеги тоскоолдуктарды жоюу боюнча жана келип чыгуучу жаңы тоскоолдуктарды болтурбоо милдети белгиленди.

Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногунун эрежелери кандайча жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кайсы секторлорунда жүзөгө ашырылат?

Келишимдин № 15 бөлүмүндө либералдаштыруу пландарын караган, кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногунун (мындан ары- КБР) эрежелери, тартиби жана кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым секторлор боюнча анын калыптанышынын этаптары белгиленген.

Келишимдин негизинде Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 23.12.2014 № 110 чечими менен кызмат көрсөтүүлөрдүн 43 сектору белгиленген, аларда ишкерлер үчүн 01.01.2015-жылдан тартып КБР иштейт.

Бул кызмат көрсөтүүлөрдүн мындай секторлору: ландшафт тармагындагы кызмат көрсөтүүлөр; аңчылык чарбасын жүргүзүү; лизинг жана ижара, кире; салык салуу тармагындагы кызматтар; эсептеп чыгуу техникасы менен байланышкан, программалык камсыздоону колдонуу жана маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча кызматтар; архитектура тармагындагы жана башкаруу маселелери боюнча консультациялык кызмат көрсөтүүлөр, рынокту изилдөө жана коомдук пикирлерди аныктоо; персоналды тандоо жана жайгаштыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр; имараттарды тазалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр; фото кызмат көрсөтүүлөр; сүйлөшүүлөрдү жана кеңешмелерди уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр; котормочулук; көңүл ачууну уюштуруу кызмат көрсөтүүлөрү кирет.

КБР секторуна каратылган кызмат көрсөтүүлөрдү беррүүчүлөргө же алуучуларга, кызмат көрсөтүүлөрдүн өзүнө режимдерден чыгаруу ошондой эле сандык жана инвестициялык мүнөздөгү кошумча чектөөчү чараларды колдонууга болобу?

Келишимге № 16 тиркеменин 38-пунктуна ылайык, тараптар башка мүчө мамлектеттердин кайсынысынын болбосун жактарына кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө жана алууга укукту чектөөлөрсүз, алып коюуларсыз, жана кошумча талаптарсыз келишимге № 16 № 2 тиркемесинде каралган шарттарды жана чектөөлөрдү (горизонталдык чектөөлөр: жерге ээлик; мамлекеттик колдоо; пайдалануу жана ушул сыяктуулар) кошпогондо, тиркеменин 21, 24, 27, 29, 30 жана 32-пункттарында көрсөтүлгөн шарттарда берүүгө милдеттүү.

Ошентип, КБР секторуна кирген кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөргө же алуучуларга, кызмат көрсөтүүлөрдүн өзүнө карата колдонууга болбойт:

режимдерден алып коюу жана кошумча чектөө чаралары, анын ичинде сандык жана инвестициялык мүнөздөгү чектөө чаралары (№ 16 тиркеменин 30 жана 32- пункттарында саналып өткөн);

ар кандай башка чектөөлөр жана талаптар аларды пайдалануу мүмкүнчүлүгү келишимде каралган; анын ичинде № 16 тиркеменин 15, 16, 17, 73-пункттарында каралган чектөөлөр жана талаптар, келишимге № 17 тиркеменин 6 жана 7-пункттарында каралган чектөөлөр.

КБРге киргизилген секторлордо кызматтарды көрсөтүү үчүн (иштерди аткаруу) үчүн юридикалык жакты же юридикалык жактын өкүлчүлүгүн же филиалын гана түзүү зарылбы?

Келишимге № 16 тиркеменин 38-пунктунун негизинде ар бир Тарап ар кайсы башка Тараптын жагына алар юридикалык жак катары катталган мүчө мамлекеттин аймагында беррүүгө уруксатын таануу менен, кызмат көрсөтүүлөрдү беррүүгө жана алууга укуктарды берүүгө милдеттүү.

Башкача айтканда, КБР алкагында бир Тараптын бизнес субьектилерине башка мүчө мамлекеттин аймагында юридикалык жак формасында түзбөй туруп эле өз кызматтарын көрсөтүү мүмкүнчүлүгү берилет.

№ 16 тиркемеге ылайык, өкүлчүлүктөр жана филиалдар өз алдынча юридикалык жак болуп саналбастан, юридикалык жактардын обочолонгон бөлүмчөсү болуп саналат, ушуга байланыштуу бирдиктүү рынокко киргизилген кызмат көрсөтүүлөрдүн сектору боюнча бир Тараптын бизнес субьектиси тарабынан өз кызматтарын башка Тараптын аймагында көрсөтүүсү үчүн өкүлчүлүк же филиал катары түзүлүүсү талап кылынат.

Мүчө мамлекеттин биринин жагы үчүн анын аймагында ишмердик жүргүзмөкчү болгон же кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө камынган (анын ичинде КБР алкагында) мындай жак ЕАЭБдин башка мүчө мамлекетинин ички мыйзамдарына ылайык кайрадан лицензия же уруксат алышы керекпи?

Келишимге № 16 тиркеменин 38-пунктуна ылайык, Тараптардын кайсынысы болсо да КБР алкагында башка мүчө мамлекеттердин кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө жана алууга укук берүүгө милдеттүү, мында кызмат көрсөтүүлөрдүберүүчүнүн өз өлкөсүнүн аймагында алынган уруксаты таанылат.

Ошону менен бирге эле КБРге кирбеген кызмат көрсөтүүлөрдүн секторлорунда жана ишмердиктин башка түрлөрүндө, эгер Тараптын мыйзамдарында ишмердиктин тигил же бул түрү лицензиялоого жатса же аны жүргүзүүгө башка уруксат зарыл болсо, мүчө мамлекеттердин кайсынысынын жактарына болсо да (анын ичинде алар тарабынан уюшулган жактарга да) ушундай эле уруксат документтерин ушул Тараптын ишкер-резиденттери менен бирдей эле уруксат документтерин алуу талап кылынат. Эгер Тарап Келишимге № 2 тиркеменин же № 112 чечимде көрсөтүлгөн секторалдык же горизонталдык чектөөлөрдү өзүнө камдап койгон болсо, анда мындай эреже колдонулбайт.

Бардык Тараптар өзүлөрүнүн улуттук Тизмектеринде (№ 112 чечимде) ишмердиктин лицензиялануучу бардык түрүндө Бирликтин ушул мүчө мамлекетинин юридикалык жагы формасында уюштурууга милдеттүү талаптары бөлүгүндө “кол чатырдык” алып коюуларды бекитишкен. Бирок бул чектөө КБР иштеген секторлордун Тизмегине киргизилген кызмат көрсөтүүлөрдүн секторлоруна тиешелүү эмес.

КБР алкагында салыктарды (киреше салыгы, пайдага салык, КНС ж.б. ) кандайча төлөө керек?

Кыйыр салыктарды алуу (акциздер, КНС) анын аймагында ушундай кызмат көрсөтүү берилген мүчө мамлекетте, б.а. улуттук режим боюнча ишке ашырылат (ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 72-беренесинин 2-п.) .

Башка мүчө мамлекеттин резидент-жумушчуларын жалдоодо жеке жактардан алынуучу тикелей салыктарга карата, Келишимде ченем белгиленген, ага ылайык мындай жумушчунун кирешесине бул жумушчу иштөөчү мүчө мамлекетте (улуттук режим) белгиленген коюм боюнча салык салынат (ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 73-бер.).

Мындан тышкары, тикелей салыктардын маселелери Тараптар алардын катышуучусу болуп саналган кош салык салуудан оолак болуу тууралуу эл аралык макулдашууларда каралган.

Товарларды экспорттоодо жана импорттоодо, иштерди аткарууда, кызматтарды көрсөтүүдө кыйыр салыктарды салуунун тартиби жөнүндө жана алардын төлөнүшүн көзөмөлдөөнүн механизми жөнүндө протоколдун (Келишимге № 18 тиркеме) 28-беренесине ылайык, кыйыр салыктарды алуу анын аймагы ишти, кызматты жүзөгө ашыруунун жери катары таанылган мүчө мамлекетте (бир мүчө мамлекеттин аймагына башка мүчө мамлекеттин аймагынан андан ары кайра иштетилген өнүмдү башка мүчө мамлекеттин аймагына алып кетүү) жүргүзүлөт (бир мүчө мамлекеттин аймагына башка мүчө мамлекеттин аймагынан ташылып келинген берилме чийки затты кайра иштетүү, андан ары кайра иштетилген өнүмдү башка мамлекеттин аймагына ташып чыгып кетүү ишин жүзөгө ашыруудан башкасы).

Иштерди аткарууда, кызматтарды көрсөтүүдө, салык базасы, кыйыр салыктардын коюму, аларды алуу тартиби жана салыктык жеңилдиктер (салык салуудан бошотуулар) жалпы эреже боюнча, анын аймагы жумушту, кызматты жүзөгө ашыруунун жери деп таанылган мүчө мамлекеттин мыйзамына ылайык аныкталат. Мында ишти, кызматты ишке ашыруунун жери катары мүчө мамлекет таанылат, эгер:

1) иштер, кызмат көрсөтүүлөр ушул мүчө мамлекеттин аймагында турган кыймылсыз мүлк менен түздөн-түз байланышкан болсо;

2) иштер, кызмат көрсөтүүлөр ушул мүчө мамлекеттин аймагында болгон кыймылдуу мүлктөр, транспорт каражаттары менен түздөн-түз байланышта болсо;

3) маданият, искусство, окутуу (билим берүү), дене тарбия, туризм, эс алуу жана спорт чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөр ушул мүчө мамлекеттин аймагында көрсөтүлгөн болсо;

4) бул мүчө мамлекеттин салык төлөөчүсү тарабынан сатылып алынат:

консультациялык, юридикалык, бухгалтердик, аудитордук, инжинирингдик, жарнамалык, дизайнердик, маркетингдик кызмат көрсөтүүлөр, маалыматты иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле илимий-изилдөө, тажрыйба-конструктордук жана тажрыйба-технологиялык (технологиялык) иштер;

ЭЭМ жана маалыматтар базасы (эсептөө техникасынын программалык каражаттары жана маалыматтык өнүмдөрү) үчүн программаларды иштеп чыгуу боюнча иштер, кызмат көрсөтүүлөр, аларды адаптациялоо жана модификациялоо, мындай каражаттарды жана маалыматтар базасын коштоо;

эгер персонал сатып алуучу иштеген жерде иштесе, анда персоналды берүү кызматы.

Ушул пунктчада көрсөтүлгөн жоболор ошондой эле төмөнкүлөргө да колдонулат:

мамлекет тарабынан кайтарылуучу өнөр жай менчигинин обьектилерин, соода маркаларын, товардык белгилерди, фирмалык аталыштарды, тейлөө белгилерин, автордук жана чектеш укуктарды же башка ушундай укуктарды күбөлөндүрүүчү патенттерди, лицензияларды, башка документтерди өткөрүп берүү, берүү, бошотуп берүү;

кыймылдуу мүлктөрдү ижарага, лизингге жана башка негиздерде колдонууга берүүдө, транспорттук каражаттарды ижарага, лизингге жана башка негиздерде колдонууга берүүдөн башкасында;

келишимдин (контракттын) негизги катышуучусу үчүн өзүнүн атынан тартылган жак тарабынан кызмат көрсөтүүдө же келишимдин (контракттын) негизги катышуучусунун атынан тартылган башка жак тарабынан ушул пунктчада каралган иштерди, кызматтарды аткарууга;

5) эгер 1-4-пунктчалар менен башкасы каралбаса, ушул мүчө мамлекеттин салык төлөөчүсү тарабынан иштер аткарылат, кызматтар көрсөтүлөт.

Россия Федерациясынын Салык кодексинин (мындан ары РФ СК) 148-беренеси боюнча ишти (кызматы) жүзөгө ашыруунун орду Россия Федерациясы болуп таанылат, эгерде:

1) иштер (кызматтар) түздөн-түз Россия Федерациясынын аймагында турган кыймылсыз мүлк менен байланышкан болсо (аба, деңиз кемелери жана ички сүзүү кемелерин жана космостук обьектилерден тышкары). Мындай иштерге (кызматтарга), атап айтканда, курулуш, монтаждоо, курулуш-монтаждоо, оңдоо, кайра калыбына келтирүү иштери, жашылдандыруу боюнча иштер, ижара боюнча кызматтар кирет;

2) иштер (кызматтар) түздөн-түз кыймылдуу мүлк аба, деңиз кемелери жана Россия Федерациясынын аймагында болгон ички сүзүү кемелери менен байланышкан. Мындай иштерге (кызматтарга), атап айтканда, монтаждоо, чогултуу, кайра иштетүү, иштеп чыгуу, оңдоо жана техникалык тейлөө кирет;

3) кызматтар иш жүзүндө Россия Федерациясынын аймагында маданият, искусство, билим берүү (окутуу), дене тарбия, туризм, эс алуу жана спорт чөйрөсүндө көрсөтүлөт;

4) ишти (кызмат көрсөтүүнү) сатып алуучу өз ишмердигин Россия Федерациясынын аймагында жүргүзөт.

Эгер салык төлөөчү тарабынан аларга салык салуу тартиби Келишимдин XVII “Салык жана салык салуу” бөлүмү менен жөнгө салынган иштин, кызматтын бир нече түрү аткарылса, көрсөтүлсө жана бир жумушту, кызматты жүзөгө ашыруу башка иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырууга карата көмөкчү мүнөздө болсо, анда көмөкчү иштерди жүзөгө ашыруу орду катары негизги иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырган орун эсептелет.

РФ СК 148-беренесинин 3-пунктунда эгер уюм же жеке ишкер тарабынан иштин (кызматтын) бир нече түрү аткарылса (көрсөтүлсө) жана бир иштерди (кызмат көрсөтүүлөрдү) жүзөгө ашыруу башка иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырууга карата көмөкчү мүнөздө болсо, жумушту жүзөгө ашыруу түрү ушундай тартипте аныкталат.

РФ СК 148-беренеси боюнча сатып алуучунун ишмердигин жүзөгө ашыруунун орду Россия Федерациясынын аймагы деп эсептелет, эгер ишти (кызмат көрсөтүүнү) сатып алуучу иш жүзүндө Россия Федерациясынын аймагында уюмду же жеке ишкердикти мамлекеттик каттоонун негизинде, ал эми ал жок болгондо же көрсөтүлгөн уюмдардын филиалдарына жана өкүлчүлүктөрүнө карата – уюмдун уюштуруучулук документтеринде көрсөтүлгөн орду, уюмду башкаруу орду, анын туруктуу аракеттенген аткаруу органынын турган жери, туруктуу өкүлчүлүгүнүн турган орду (эгер иштер (кызматтар) ушул туруктуу өкүлчүлүк аркылуу сатылып алынган болсо), жеке жактын жашаган жери. Ушул пунктчанын жоболору төмөнкү учурларда колдонулат:

патенттерди, лицензияларды, соода маркаларын, автордук укуктарды же башка ушундай укуктарды өткөрүп берүүдө, берүүдө;

ЭЭМ жана маалыматтар базасы (эсептөө техникасынын программалык каражаттары жана маалыматтык өнүмдөрү) үчүн программаларды иштеп чыгууда, кызматтарды көрсөтүүдө (жумуштарды аткарууда), аларды адаптациялоодо жана модификациялоодо;

консультациялык, юридикалык, бухгалтердик, аудитордук, инжинирингдик, жарнамалык, маркетингдик кызмат көрсөтүүлөрдү, маалыматты иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле илимий изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди көрсөтүүдө. Инжинирингдик кызматтарга өндүрүштү даярдоо процесси жана продукцияны (иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып өткөрүү боюнча, курулушка даярдык жана өнөр жайлык, инфраструктуралык, айыл чарбалык жана башка обьектилерди пайдалануу, долбоорлоо алдындагы жана долбоордук кызматтар (техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо, долбоордук-конструктордук иштелмелер жана башка ушуга окшош кызматтар) кирет. Маалыматты иштеп чыгуу боюнча кызматтарга жыйноо жана жалпылоо, маалыматтык массивдерди тутумдаштыруу жана бул маалыматты иштеп чыгуунун натыйжаларын колдонуучунун колуна өткөрүп берүүнү жүзөгө ашыруу боюнча кызматтар кирет;

эгер персонал сатып алуучунун ишмердигинин жеринде иштеген шартта, персоналды берүү;

кыймылдуу мүлктү, жер үстүндөгү автотранспорттук каражаттарынан башкасын ижарага берүү;

ушул пунктчада каралган кызматтарды көрсөтүү үчүн контракттын негизги катышуучусунун (уюмдун же жеке жактын) атынан тартылган агенттин кызматын көрсөтүү.

Иштерди аткаруунун (кызмат көрсөтүүнүн) ордун ырастоочу документтер болуп:

1) чет өлкөлүк же россиялык жактар менен түзүлгөн контракт;

2) иштин (кызмат көрсөтүүнүн) аткарылганын ырастоочу документтер.

Келишимге № 16 тиркемеде каралган 4 ыкманын кайсынысы менен КБР алкагында курулуш кызматтарын берүүгө болот?

Курулуш кызматтары КБР алкагында кызмат берүүчүнүн ыктыяры боюнча ар кандай мүмкүн болгон ыкма менен берилиши:

1) Тараптардын биринин аймагынан башка ар кайсы мүчө мамлекеттин аймагына (чек аралар аралык, мисалы, инженердик тармактардагы кызматтар, долбоордук-конструктордук иштер жана консультация берүү бөлүгүндө ) архитектуралык-долбоорлоочу иштер боюнча кызмат көрсөтүү, шаар курууну долбоорлоо тармагындагы кызматтар жер пайдалануу программаларын, экологиялык залакаларга карата изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча жана шаарларды өнүктүрүү программасын экономикалык баалоо; парктардын, коммерциялык жер тилкелеринин, турак жай үчүн жер тилкелеринин эстетикалык ландшафттын пландаштыруу жана долбоорлоо бөлүгүндө; жер тилкелеринин пландарын, жумушчу чиймелерин, техникалык шарттарды даярдоо; жергенин рельефинин эскиздерин даярдоо; отургузулуучу өсүмдүктөргө чыгашалар сметасын даярдоо жана аллея, тосмо жана транспорт токтотуу үчүн аянт сыяктуу обьектилерди түзүү, долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү кошо алганда);

2) бир Тараптын аймагында ушул Тараптын жагы башка мүчө мамлекеттин аймагында кызматтарды алуучусуна (чет өлкөдө керектөө);

3) бир Тараптын кызматтарды берүүчүсү тарабынан башка мүчө мамлекеттин аймагында уюштуруу жолу менен (коммерциялык катышуу жолу менен);

4) бир Тараптын кызматтарды берүүчүсү тарабынан ушул Тараптын анын жеке жактарынын башка мүчө мамлекеттин аймагында катышуусу менен.

Мисалы, тигил же бул обьектилерди куруу үчүн кыска мөөнөттүү мезгилге курулуш бригадаларын жөнөтүү жолу менен (анын ичинде консорциум келишиминин же башка ушундай макулдашуулардын негизинде), эгер кызмат 30 күндөн ашуун көрсөтүлсө, салыктарды төлөө үчүн филиалды же өкүлчүлүктү ачуу керек. Андай болбогон шартта, көзөмөлдөөчү жана укук коргоочу органдар тарабынан бул ишмердик (филиал же өкүлчүлүк ачылбаганда) мыйзамсыз ишкердик катары квалификацияланышы мүмкүн.

Кабыл алуучу мүчө мамлекеттин (реципиенттин) аймагында КБРдин алкагында ишмердиктин түрү катары курулушка “автоматтык түрдө” таанылган документтерден тышкары уруксат берүүчү кайсы кошумча документтерди алуу керек?

Катышуучу өлкөнүн ар биринде аларсыз курулуш башталбай турган, башталганы улантылышы мүмкүн болбогон жекече уруксаттардын өз тизмеги бар.

Мисалы, курулуш ишмердигин жүргүзүүгө уруксат автоматтык түрдө таанылат, ал эми жер иштерин жүргүзүү үчүн уруксатты мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынан алуу керек.

Казакстан Республикасында мындай уруксаттар 2014-жылдын 16-майынагы “Уруксаттар жана билдирүүлөр жөнүндө” Мыйзамында саналып өткөн (курулуш-монтаждоо иштеринин өндүрүшү башталышы жөнүндө билдирме жергиликтүү аткаруу органдарынын архитектуралык-курулушту көзөмөлдөө органы тарабынан берилет, каржылоо булагынан көз карандысыз курулушка архитектуралык-пландоо тапшырмасын берүү, эскиздик долбоорду макулдашуу, обьектилерди постутилизация (курулмаларды бузуу) боюнча чечим, обьектини пайдаланууга берүү боюнча кабыл алуу актысы кабыл алуу комиссиясы тарабынан, долбоорлоо алдындагы экспертизаны жүргүзүү (техникалык-экономикалык негиздеме) жана долбоорлоо (долбоордук-сметалык) документацияны берүү.

Беларусь Республикасында малекеттик органдар жана башка уюмдар тарабынан юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге карата жүргүзүлүүчү административдик жол-жоболордун бирдиктүү Тизмеги бар, ал Беларусь Республикасынын Министрлер кеңешинин 17.02.2012 № 156 токтому менен бекитилген.

Уюштуруу, ишмердик, кызмат көрсөтүүлөрдү кошо алганда бир Тараптын аймагында алынган кайсы документтерди башка Тараптын аймагында колдонуу үчүн күбөлөндүрүү керек?

Келишим мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосундагы натыйжалуу административдик кызматташтыкты көздөйт, бул документацияны күбөлөндүрүү зарылдыгын алып салат.

Келишимдин 68-беренесинин 3-пунктуна ылайык, мүчө мамлекеттин компетенттүү органдары башка мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдары менен түзүлгөн макулдашуунун алкагында соңкусунун компетенциясынын чөйрөсүнө кирген маалыматты жана Келишимге № 16 тиркемеде каралган талаптарды натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматты, анын ичинде компетенттүү органдар тарабынан берилген уруксатты жана аларды жүргүзүүгө уруксат берилген ишмердиктин түрү жөнүндө маалыматты сурай алышат.

Келишимге № 16 тиркеменин 38-пунктунун талаптарына ылайык, кызмат корсөтүүлөрдү берүүчүнүн персоналынын кесиптик квалификациясын таануу автоматтык түрдө жүргүзүлөт, башкача айтканда, бир мүчө мамлекетте уюштурууга, уруксатка жана квалификацияга байланыштуу алынган документацияны башка мүчө мамлекетте ишмердик жүргүзүү үчүн документ берүүдө күбөлөндүрүүнүн зарылчылыгы жок.

Кызмат көрсөтүүлөрдүн калган секторлору боюнча либералдаштыруу талаптарынын пландарын ишке ашырганга чейин кызмат көрсөтүү менен байланышкан документацияны күбөлөндүрүү, анын аймагында уюштуруу жана ишмердик пландаштырылган Тараптын мыйзамына ылайык аныкталат.

Мүчө мамлекеттин эмгекчилери тарабынан жумушка орношуучу мамлекетте эмгек ишмердигин жүргүзүү үчүн мүчө мамлекеттин билим берүү мекемелери тарабынан (билим берүү мекемелери, билим берүү чөйрөсүндөгү уюмдар тарабынан) берилген билим жөнүндө документ жумушка орношуучу мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген билим жөнүндө документтерди таануу жол-жобосун өткөрбөй эле таанылат (Келишимдин 97-беренеси).

Бир мүчө мамлекеттин эмгекчилери башка мүчө мамлекетте педагогикалык, юридикалык, медициналык же фармацевтикалык ишмердик менен алектенүүгө талаптангандар жумушка орношуу мамлекетинин мыйзамдарында белгиленген билим жөнүндө документти таануу жол-жобосунан өтүшөт жана тийиштүү түрдө педагогикалык, юридикалык, медициналык же фармацевтикалык ишмердик менен алар жумушка орношуп жаткан мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ишмердикке жол берилет.

Мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген окумуштуулук даражалар жана окумуштуулук наамдар жумушка орношуп жаткан мамлекеттин мыйзамдарына ылайык таанылат.

Мында жумуш берүүчүлөр, кызмат көрсөтүүлөрдүн буюртмачылары билими жөнүндө документтердин жумушка орношуу мамлекетинин тилине нотариалдык которууну талап кылууга укуктуу, ошондой эле зарыл болгон учурда, мүчө мамлекеттердин эмгекчилеринин билими жөнүндө документин верификациялоо максаттарында суроо-талап жөнөтүүгө, анын ичинде маалымат базаларына, билим берүү жөнүндө документ берген билим берүү уюмдарына (билим берүү мекемелери, билим берүү чөйрөсүндөгү уюмдарга) суроо-талаптарды жөнөтүп, тийиштүү жоопторду алууга болот.

Документацияны күбөлөндүрүү механизми эл аралык конвенциялар жана ар бир мүчө мамлекеттин улуттук мыйзамдары менен аныкталат.

Келишимдин XV бөлүмү да, анын № 16 тиркемеси да, уюштуруу, ишмердик жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу үчүн талап кылынуучу документтерди өзгөчө күбөлөндүрүү милдетин карабайт. Башкача айтканда, уюштуруу, ишмердик жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу үчүн талап кылынуучу документтер мүчө мамлекеттердин өзүлөрүнүн жактары үчүн мыйзамдарда каралган учурларда жана тартипте гана берилиши керек.

Бир мүчө мамлекеттин жагы тендерлерде (тооруктарда), анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык тендерлерде башка Тараптын жергиликтүү курулуш компаниялары менен бирдей шарттарда катыша алабы?

Мүчө мамлекеттин курулуш фирмасы мамлекеттик эмес (муниципалдык эмес) тендерлерде жалпы курулуш иштери бөлүгүндө жергиликтүү курулуш компаниялары менен бирдей шарттарда катыша алат, анткени алар үчүн алып коюуларсыз улуттук режими иштейт (жалпы курулуш иштери 2014-жылдын 23-декабрындагы № 110 чечимге ылайык Кызмат көрсөтүүлөрдүн секторлорунун тизмегине киргизилген, аларда кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногу 2015-жылдын 1-январынан тартып түзүлгөн).

Мүчө мамлекеттин курулуш фирмасы мамлекеттик эмес (муниципалдык эмес) тендерлерде, өзгөчө кооптуу жана техникалык татаал обьектилерде курулуш иштери бөлүгүндө жергиликтүү курулуш компаниялары менен бирдей шарттарда катыша алат, анткени алар үчүн алып коюуларсыз улуттук режими иштейт (курулуш иштери боюнча алып коюулар, ЖЕЭКтин 2014-жыл 23-декабрь № 112 чечимине ылайык, камтылган эмес).

Мүчө мамлекеттин курулуш фирмасы мамлекеттик (муниципалдык) тендерлерде жергиликтүү курулуш компаниялары менен бирдей шарттарда катыша алат, анткени ал үчүн Келишимге карата Сатып алууларды жөнгө салуу жөнүндөгү протоколдо (№ 25 тиркеме) каралган УР аракетте болот.

Тараптардын жактары, анын ичинде КБР алкагында ишмердикти жүргүзгөн учурларда (б.а. юридикалык жак формасында түзүлбөй туруп) кандайча жана кайсы мыйзамдардын негизинде жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн?

Башка Тараптын жагы менен юридикалык жакты түзгөн учурда мындай юридикалык жак жана анын персоналы анын аймагында ишмердик жүргүзгөн шартта укук бузганы үчүн Тараптын мыйзамдарында каралган толук жоопкерчиликти тартышат.

Россия Федерациясынын 30.12.2001 № 195-ФЗ Административдик укук бузуулар жөнүндө кодекси юридикалык жана жеке жактарга (чет өлкөлүк жарандарды кошо алганда) да, ошондой эле өкүлчүлүктөргө жана филиалдарга да таасир этүү чараларын колдонуу мүмкүнчүлүгүн карайт.

Беларусь Республикасынын Административдик укук бузуулар жөнүндө кодексинин 1.4-беренеси Беларусь Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок жактарга, ошондой эле чет өлкөлүк юридикалык жактарга, Беларусь Республикасынын жарандары жана юридикалык жактары менен жалпы негизде администрациялык жоопкерчиликти колдонууну карайт.

Казакстан Республикасынын 05.07.2014 № 235-5 Администрациялык укук бузуулар жөнүндө кодексинин 34-беренесине ылайык:

Казакстан Республикасынын аймагында, ошондой эле Казакстан Республикасынын континенталдык шельфинде административдик укук бузган чет өлкөлүктөр, чет өлкөлүк юридикалык жактар, алардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү жана жарандыгы жок жактар жалпы негиздерде администрациялык жоопкерчиликке тартылышат;

чет өлкөлүк жана эл аралык коммерциялык эмес өкмөттүк эмес бирикмелердин түзүмдүк бөлүкчөлөрү (филиалдары жана өкүлчүлүктөрү) Казакстан Республикасынын коомдук бирикмелер жөнүндө мыйзамдарын бузганы үчүн юридикалык жак катары администрациялык жоопкерчилик тартышат.

Башка мүчө мамлекеттин кызмат берүүчүлөрүнүн өкүлчүлүктөрү жана филиалдары Тараптын контролдоочу (көзөмөлдөөчү) органдары тарабынан текшерилүүгө жатабы?

Тараптардын ар кандай контролдоочу (көзөмөлдөөчү) органдары, эгер мындай ишмердик тийиштүү мүчө мамлекеттин аймагында жүргүзүлсө, анда Бирликтин башка мүчө мамлекеттеринин жактары тарабынан уюшулган филиалдын (өкүлчүлүктүн) ишмердигин текшерүүгө укуктуу.

Казакстан Республикасынын 06.01.2011 № 377-4 "Казакстан Республикасындагы мамлекеттик контроль жана көзөмөл жөнүндө" мыйзамында текшерилүүчү субьектилер катары жеке жактар, юридикалык жактар, анын ичинде мамлекеттик органдар, чет өлкөлүктөрдү кошо алганда, юридикалык жактардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү каралган.

Ошондой эле, текшерүүнүн алкагында олуттуу мааниге ээ болгон маалыматтарды жана документтерди чет мамлекеттерден алуу боюнча милдети каралган.

Алсак, Беларусь Республикасынын Президентинин 16.10.2009 № 510 "Беларусь Республикасында контролдоочу (көзөмөлдөөчү) ишмердикти жакшыртуу жөнүндө” жарлыгында уюмдарды, алардын обочолонгон бөлүмчөлөрүн, төлөөчүнүн каттоо номери бар чет өлкөлүк уюмдардын өкүлчүлүктөрүн текшерүү каралган. Мында чет өлкөлүк уюмдарды алар түзүлгөндөн тартып, эки жылдын ичинде текшерүүгө тыюу салынган.

26.12.2008 № 294-ФЗ "Мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жана муниципалдык контролду жүргүзүүдө юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө” Федералдык мыйзамы текшерилүүчү субьектилер катары чет өлкөлүк юридикалык жактардын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн бөлүп көрсөтпөйт. Ошону менен бирге Келишимге № 16 тиркеменин 21-26-пункттарынын (мүчө мамлекеттердин бардык чараларына карата УР караган) жоболорунун 26.12.2008 № 294-ФЗ Федералдык мыйзамы бирдей даражада Тараптын аймагында түзүлгөн субьектилерге - чет өлкөлүк юридикалык жактардын филиалдарына жана өкүлчүлүктөрү үчүн да колдонулат.