ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРДИ БААЛОО ЧӨЙРӨСҮНДӨ КӨП БЕРИЛҮҮЧҮ СУРООЛОР
 
1. Евразия экономикалык комиссиясынын чечимдеринин долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин баалоо жол-жобосун жүргүзүүнүн зарылдыгы жана жүргүзүүнүн тартиби кайсы ченемдик укуктук актыда каралган?

Жөнгө салуучу таасирди баалоо жол-жобосун жүргүзүүнүн зарылдыгы 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимде каралган.

Евразиялык экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге № 1 тиркеме болуп саналган Евразия экономикалык комиссиясы жөнүндө жобонун 15-пунктуна ылайык, ишкердик ишмердикти жүргүзүүнүн шарттарына таасир этиши мүмкүн болгон Евразия экономикалык комиссиясынын чечимдери мындай чечимдердин долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирине баалоо жүргүзүүнүн натыйжаларын эске алуу менен жүргүзүлөт.

Евразия экономикалык комиссиясынын чечимдеринин долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин баалоо жол-жобосун жүргүзүүнүн тартиби Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2014-жылдын 23-декабрындагы № 98 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык комиссиясынын Иш регламентинин IX бөлүмүндө аныкталган.
 
2. Евразия экономикалык комиссиясынын чечимдеринин долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин баалоо жол-жобосу кандай максатта жургүзүлөт?

Жөнгө салуучу таасирди баалоо Евразия экономикалык комиссиясынын чечимдеринин долбоорлорунун жоболорунда каралган же көрсөтүлгөн жоболорго байланыштуу ишкердик ишмердиктин субьектилери үчүн келип чыгуучу ашыкча милдеттерди, чектөөлөрдү жана (же) тыюу салууларды, Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин аймактарында товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчүнүн эркин кыймылы үчүн тоскоолдуктарды түзүүчү ишкердик ишмердиктин субьектилеринин негизсиз чыгымдарын аныктоого жана жоюуга багытталган.
 
3. Жөнгө салуучу таасирди баалоо жол-жобосу кандай этаптардан турат жана кандай мөөнөттөрдө жүргүзүлөт?

 Жөнгө салуучу таасирге баалоожүргүзүү төмөнкү этаптардан турат:
1) учурдагы баалоо – Евразия экономикалык комиссиясынын чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгуу, ага маалыматтык-талдамалык маалымкатты жана сурамжылоо барагын түзүү, ошондой эле аларды эл алдында талкуулоо (толтуруу);
2) жыйынтыктоочу баалоо – жөнгө салуучу таасирди баалоо боюнча корутунду даярдоо.
Учурдагы баалоо этабында Евразия экономикалык комиссиясынын чечиминин долбооруна эл алдында талкуу, аны Евразия экономикалык бирлигинин расмий Интернет-сайтына 30 календардык күндөн аз эмес мөөнөткө жайгаштыруу жолу менен жүргүзүлөт, ал аяктагандан кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен берилген сунуштар, алардын эске алынганы жана (же) алардын четке кагылышынын негиздемеси жөнүндө жыйынтыкталган маалымат ушул сайтка жайгаштырылат.

Жыйынтыктоочу баалоо этабында Комиссиянын чечимдеринин долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирине баалоо жүргүзүү боюнча ЕЭКтин жумушчу тобу тарабынан 15 календардык күндүн ичинде Евразия экономикалык комиссиясынын чечиминин долбооруна жөнгө салуучу таасирди баалоо жөнүндө корутунду даярдалат.
 
4. Евразия экономикалык комиссиясынын чечимдеринин долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин баалоо кандай критерийлер боюнча жүргүзүлөт?

Евразия экономикалык комиссиясынын чечимдеринин долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин баалоо жүргүзүүнүн критерийлери болуп төмөнкү жөнгө салуунун негизги сапаттык мүнөздөмөлөрү эсептелет:
1) Евразия экономикалык комиссиясынын чечиминин долбоору аны чечүүгө багытталган көйгөй, жөнгө салуунун максаты жана Евразия экономикалык комиссиясынын чечиминин долбоору алардын кызыкчылыктарын коргоого багытталган адамдардын тобу;
2) жөнгө салуунун дарек ээлери, анын ичинде ишкердик ишмердиктин субьектилери жана аларга жөнгө салуу менен көрсөтүлүүчү таасирлер;
3) жөнгө салуунун дарек ээлери үчүн белгиленүүчү чектөөлөрдүн мазмуну (жүрүм-турумдун милдеттүү болгон эрежелери);
4) Евразия экономикалык комиссиясынын чечиминин долбоорунда каралган көйгөйдү чечүүнүн жана жөнгө салуунун максатына жетүүнүн механизми (сунушталып жаткан жөнгө салуунун жана чечилип жаткан көйгөйдүн өз ара байланышын сыпаттоо);
5) сунушталып жаткан жөнгө салууларга каралган альтернативалар жөнүндө маалымат.
 
5. Жөнгө салуучу таасирди баалоонун алкагында эл алдында талкуулоо үчүн жайгаштырууда Евразия экономикалык комиссиясынын чечиминин долбооруна кандай документтер тиркелет?

Евразия экономикалык комиссиясынын чечиминин долбооруна жөнгө салуучу таасирди баалоо жүргүзүү жол-жобосунун алкагында эл алдында талкуулоо үчүн Евразия экономикалык бирлигинин расмий сайтына жайгаштырууда аны менен бирге төмөнкү эки документ кошо жайгаштырылат:
- Евразия экономикалык комиссиясынын чечиминин долбоорунун ишкердик ишмердикти жүргүзүүнүн шарттарына таасиринин залакалары жөнүндө маалыматтык-талдамалык маалымкат, ал аралык талдамалык отчет болуп саналат жана анда иштеп чыгуучу-департаменттин, анын ичинде жөнгө салуунун негизги сапаттык мүнөздөмөлөрү жөнүндө пикири көрсөтүлөт;
- Евразия экономикалык комиссиясынын чечиминин долбоорун эл алдында талкуулоо үчүн Евразия экономикалык комиссиясынын чечиминин долбооруна, анын ичинде жөнгө салуунун негизги сапаттык мүнөздөмөлөрү боюнча бул жактар тарабынан эксперттик баа алуу үчүн багытталган, кызыкдар жактарга стандартташтырылган суроолордун тизмеги камтылган сурамжылоо барагы.

Маалыматтык-талдамалык маалымкаттын жана сурамжылоо барагынын формалары жана аларды түзүүнүн тартиби Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 5-майындагы № 46 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык комиссиясында Ички документ жүргүзүүнүн эрежелерине № 5 тиркемеде каралган.
 
6. Евразия экономикалык комиссиясынын чечимдеринин долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин баалоонун алкагында эл алдында талкуу жүргүзүүдө ким, кандайча жана кандай формада сын пикирлерди жана сунуштарды жибере алат?

Евразия экономикалык комиссиясынын чечимдеринин долбоорлорун эл алдында талкуулоонун алкагында сын-пикирлер жана сунуштар Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекетинин же үчүнчү өлкөнүн ар кандай жагы тарабынан: бизнес-ассоциациясы (улуттук, регионалдык же тармактык ишкердик бирикме) тарабынан, чарба жүргүзүүчү субьекти (юридикалык жак же жеке ишкер, коммерциялык эмес уюм) же жеке жак (жаран) тарабынан жөнөтүлүшү мүмкүн.

Евразия экономикалык комиссиясынын чечимдеринин долбоорлоруна карата сын пикирлерди жана сунуштарды төмөнкүдөй ыкмалардын кайсынысы менен болсо да жөнөтүүгө болот:
- Евразия экономикалык бирлигинин расмий сайтынын (http://www.eaeunion.org) тиешелүү сервисин пайдалануу менен;
- электрондук почта менен (сурамжылоо барагында көрсөтүлгөн электрондук почтанын дарегине);
- Евразия экономикалык комиссиясынын почта дарегине (119121, Москва ш., Смоленск бульвары, 3/5-үй, 1-кур.) же иш жүзүндөгү дарегине (115114, Москва ш., Летников к., 2-үй, 1-кур., 2-кур.) кагаз кат түрүндөгү кат менен жөнөтүлүшү мүмкүн.
Евразия экономикалык комиссиясынын чечиминин долбооруна карата сын пикирлер жана сунуштар:
- Евразия экономикалык комиссиясынын чечиминин бүтүндөй долбооруна же анын айрым жоболоруна сын пикирлер жана сунуштар эркин баяндалган текст түрүндө берилиши мүмкүн;
-Евразия экономикалык бирлигинин расмий Интернет-сайтында жайгаштырылган сурамжылоо барагы толтурулган формада Евразия экономикалык комиссиясынын чечиминин долбоорун эл алдында талкуулоо үчүн жарыялаганда бир эле убакта жайгаштырылышы мүмкүн.
 
7. Евразия экономикалык комиссиясынын чечиминин долбоору жөнгө салуучу таасирди баалоо жол-жобосун жүргүзүүдө Евразия экономикалык комиссиясынын расмий Интернет-сайтына канча жолу жайгаштырылышы керек?

Жөнгө салуучу таасирди баалоо жол-жобосун жүргүзүүдө Евразия экономикалык комиссиясынын чечиминин долбоору Евразия экономикалык комиссиясынын расмий Интернет-сайтына үч жолу жайгаштырылышы керек:
- биринчи жолу Евразия экономикалык комиссиясынын чечиминин долбоору эл алдында талкуулоо үчүн жарыяланганда жайгаштырылат;
- экинчи жолу Евразия экономикалык комиссиясынын чечиминин долбоору эл алдында талкуулоонун жыйынтыгы боюнча жеткире иштелип чыккан Комиссиянын чечиминин долбоорунун жөнгө салуучу таасирине баалоо жүргүзүү боюнча ЕЭКтин жумушчу тобунун кароосуна коюу үчүн жайгаштырылат;

- үчүнчү жолу Евразия экономикалык комиссиясынын чечиминин долбоору жөнгө салуучу таасирди баалоо жөнүндө корутундунун негизинде жеткире иштеп чыгуунун (зарыл болсо) натыйжасында жайгаштырылат.