Бажы бирлиги жана Бүткүл дүйнөлүк соода уюму

Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы бирлигине жана Бирдиктүү экономика мейкиндигине мүчө мамлекеттердин Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) катышууга байланыштуу иши
 
2012-жылдын 22-августунда Россия  Бажы бирлигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке мүчө- мамлекеттердин Уюмдагы биринчи өкүлү болуу менен ДСУнун катарына киргенБул Келишимде Россиянын ДСУга кошулган күнүнөн тартып тиешелъъ келишимдердин жоболору, ошондой эле Россиянын ДСУга кошулгандыгы тууралуу протоколдо катталган жана укук коргоо мамилелерине тиешелүү милдеттенмелер, Бажы бирлигинин алкагында Россия тарабынан Евразия экономикалык комиссиянын (Комиссия) органдарына ыйгарылган, жана Бажы бирлигинин келишимдик-укуктук базасын түзгөн эл аралык келишимдер менен жөнгө салынган укуктук мамилелелр боюнча  ыйгарым укуктар Бажы бирлигинин укуктук системасынын бөлүгү болуп калат.

Комиссия Бажы бирлигине мүчө мамлекеттер тарабынан берилген компетенциянын алкагында Россиянын ДСУ алдындагы бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу, бажы- мыйзам актыларын иштеп чыгуу, коргоо чаралары, техникалык жөнгө салуу (Бажы бирлигинин техникалык регламенттерин иштеп чыгуу жана кабыл алуу),санитардык жана фитосанитардык чаралар жана башка чөйрөлөрдөгү милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу максатында жигердүү иш жүргүзүүдө

Мыйзам чыгаруу ишкердигинин алкагында Россиянын ДСУ алдындагы милдеттенмелеринин аткарылышы үчүн Комиссиянын Коллегиясынын 2012-жылдын 31-майындагы №54 чечими менен Бажы бирлигинин жана  Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин келишимдик-укуктук базасын ар тараптуу соода системасынын алкагында иштөө шарттарына ыңгайлаштыруу боюнча Иш-чаралар планы кабыл алынган

Бажы бирлигинин ар тараптуу соода системасынын алкагындагы иши тууралуу келишим​

Бажы бирлигинин ар тараптуу соода системасынын алкагындагы иши тууралуу келишим (ENG)

Бажы бирлигинин жана  Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин келишимдик-укуктук базасын ар тараптуу соода системасынын алкагында иштөө шарттарына ыңгайлаштыруу боюнча Иш-чаралар планы 

Презентация: Бажы бирлигинин алкагында Россиянын ДСУга кошулушу боюнча милдеттенмелери кандай аткарылууда​