Мониторинг жана маалыматтык өз ара иштешүү бөлүмү

Телефон: + 7 (495) 669 24 00

​Федько Татьяна Анатольевна - бөлүм башчысы, кош: 58-40
Виноградова Светлана Анатольевна – бөлүм башчысынын орун басары, кош: 58-36

​Абрамян Давид Манвелович – кеңешчи, кош: 41-68
Умытбаев Берик Алтаевич – кеңешчи, кош: 58-42
Мамытова Акмаанай - консультант, кош: 58-28
Петросян Армине Меружановна – консультант, кош: 58-25​
Вартанян Анна Ашотовна – башкы адис-эксперт, кош: 58-06

Бөлүм төмөнкү функцияларды аткарат:

1) ички рыноктогу тоскоолдуктарды аныктоо максатында мүчө мамлекеттердин ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорунун Келишимдин, эл аралык келишимдердин жана Бирликтин укугун түзгөн актылардын жоболоруна шайкештигине мониторинг жүргүзөт;

2) ички рыноктогу тоскоолдуктарды аныктоо максатында мүчө мамлекеттер тарабынан Келишимдин жоболорунун, эл аралык келишимдердин жана Бирликтин укугун түзгөн актылардын аткарылышына мониторинг жүргүзөт;

3) ички рынокто тоскоолдуктардын белгилери бар экендигине карата маалыматтарга жана кайрылууларга алгачкы талдоо жүргүзөт;

4) чектөөлөрдү табуу жана четтетилген деп таануу боюнча иш жүргүзөт;

5) чектөөлөрдүн реестрин түзүү жана жүргүзүү боюнча ишти камсыз кылат;

6) чектөөлөр менен иштөө боюнча методологиялык негиздерди иштеп чыгууга катышат;

7) чектөөлөрдү четтетүү жөнүндө кызыкдар жактарга маалымдоону камсыз кылат;

8) ички рыноктогу тоскоолдуктарды четтетүү боюнча иш-чаралардын пландарын ("жол карталарын") иштеп чыгууну жүзөгө ашырат;

9) ички рыноктогу тоскоолдуктарды четтетүү боюнча иш-чаралар планында ("жол карталарында") каралган иш-чаралардын аткарылышына мониторинг жүргүзөт;

10) консультативдик органдын (органдардын) Департаменттин компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча ишмердигин уюштуруучулук камсыздоону ишке ашырат;

11) маалыматтык порталды түзүүнү жана жүргүзүүнү камсыз кылат;

12) бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Комиссиянын түзүмдүк өлүмчөлөрү, мүчө мамлекеттердин мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат.