Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
КОМПЕТЕНЦИЯСЫ:

Департамент өз ишмердигин төмөнкү чөйрөлөрдө жүргүзөт:

1. Эмгек миграциясы жана миграциялык саясат;

2. Мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин социалдык, пенсиялык жана медициналык жактан камсыз кылуу, алардын билим алуусу жана кесиптик ишмердиги;

3. Бирликтин алкагында эл аралык келишимдер менен аныкталган башка чөйрөлөрдө.

ДЕПАРТАМЕНТТИН НЕГИЗГИ МИЛДЕТТЕРИ:

  • Комиссиянын түзүмдүк бөлүмдөрү, мүчө мамлекеттердин мамлекеттик бийлик органдары, консультативдик органдар, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен биргеликте Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча координацияланган, макулдашылган же бирдиктүү саясатты калыптандырууну жана жүргүзүүнү камсыз кылуу;
  • Бирликтин укугун түзгөн эл аралык келишимдердин жана актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга, ошондой эле аталган чөйрөлөрдө мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын мыктылоо, шайкеш келтирүү жана (же) бир түргө келтирүү боюнча сунуштарды даярдоого катышуу.
  • жумушчу күчтүн эркин которулушунун жолундагы тоскоолдуктарды четтетүү, Бирликтин алкагында эмгек ресурстарынын бирдиктүү рыногун түзүүгө көмөк көрсөтүү;
  • мүчө мамлекеттерде алар эмгек ишмердигин жүргүзүүсү үчүн мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин уюштуруучулук менен алууну жана тартууну жүзөгө ашыруу боюнча мүчө мамлекеттердин кызматташуусуна көмөктөшүү.