Биримдик жөнүндө келишимге №24 тиркеменин 15- жана 16-пункттарында жүргүзүлүп жаткан координацияланган (макулдашылган) транспорт саясатынын алкагында суу транспортун өнүктүрүү жана мүчө мамлекеттердин ортосунда кеме жүргүзүү жөнүндө эл аралык келишимди түзүү каралган.
Биримдик жөнүндө келишимге №24 тиркеменин 16-пунктун жүзөгө ашыруу максатында Евразиялык экономикалык комиссиянын аянтчасында 2014-жылдын августунан тарта азыркы убакытка чейин Кеме жүргүзүү жөнүндө макулдашуунун долбоорун даярдоо боюнча иш чаралар өткөрүлүп келет.
Суу транспортунун маселелери боюнча иш Транспорт жана инфраструктура боюнча консультативдик комитеттин суу транспорту боюнча кичи комитетинин, Транспорт жана инфраструктура боюнча консультативдик комитеттин, мүчө мамлекеттердин транспорт жаатында ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңешмесинин (Министрлердин кеңешмеси) алкагында жүргүзүлөт.
Транспорт жана инфраструктура департаменти суу транспорту маселеси боюнча БУУ ЕЭК СТК менен өз ара иштерди жүргүзөт.