1993-жылы Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында төрөлгөн.
2015-жылы Кыргыз-Россиялык Славян университетин аяктаган. 2017-жылы — артыкчылык диплому менен магистратураны, 2021-жылы — РФ ТИМинин Дипломатиялык академиясынын аспирантурасын аяктаган.
Эмгек жолун студенттик жылдары коммерциялык сектордо баштаган.
2018-жылдан тартып Евразия экономикалык комиссиясынын Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинде ар кандай кызматтарда иштеген.
2022-жылы — Департаменттин протоколдук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.
Ведомстволук алкыш жана ардак грамоталары бар.
Үй-бүлөлүү, бир уулу бар.
2024-жылдын 23-сентябрынан тартып Евразия экономикалык комиссиясынын Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин директору кызматына дайындалды.