Тимур Бекбулатович Нурашев 1974-жылдын 24-октябрында Алматада (Казакстан) төрөлгөн.
Билими
1996-жылы Казак мамлекеттик архитектура-курулуш академиясын инженер-экономист адистиги боюнча аяктаган.
Иш тажрыйбасы
Тимур Бекбулатович Нурашев эмгек биографиясын 1995-жылы «Алмаком» ӨЭУда башкы адис катары баштаган. Кийин аталган ишкананын башкы директорунун орун басары болгон.
1998-жылдан тарта – Казакстандын ар түрдүү мамлекеттик ишканаларында мамлекеттик кызматта. Экономика жана соода министрлигинин Экономикалык жана инвестициялык саясат департаментинин директорунун орун басары, Экономика жана бюджеттик пландоо министрлигинин Стратегиялык пландоо жана инвестициялык саясат департаментинин директору болуп иштеген.
2004-2010-жылдар аралыгында – Казакстан Республикасынын Индустрия жана соода министрлигинин Инвестициялар боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, төрагасы.
2010-2014-жылдарда Казакстан Республикасынын Индустрия жана жаңы технологиялар министрлигинин Техникалык жөнгө салуу комитетинин "Улуттук аккредиттөө борбору" ЖЧШсын жетектеген.
2014-2018-жылдар аралыгында Казакстан Республикасынын Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча министрлигинин Өнөр жай коопсуздугун индустриалдык өнүктүрүү комитетинин төрагасынын орун басары болуп келген.
2018-жылдын ноябрынан тарта – Евразия экономикалык комиссиясынын Техникалык жөнгө салуу жана аккредиттөө департаментинин директору.