Серпиков Владимир Михайлович

Серпиков Владимир Михайлович

Биография

Владимир Михайлович Серпиков 1966-жылы 19-майда төрөлгөн.

1990-жылы Минск мамлекеттик лингвистика университетинин котормо факультетин артыкчылык менен, 1996-жылы Беларусь мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган.

1990-жылдан 1995-жылга чейин Беларусь Республикасынын Билим берүү министрлигинде жана Тышкы экономикалык байланыштар министрлигинде ар кандай кызматтарды ээлеген.

1995-жылдан 1998-жылга чейин Беларусь Республикасынын Нью-Йорктогу Башкы консулдугунда, Америка Кошмо Штаттарындагы Беларусь Республикасынын Элчилигинде (Вашингтон шаары) иштеген.

1998-2001-жылдары – Беларусь Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жалпы европалык кызматташтык башкармалыгынын башчысынын орун басары.

2001-2005-жылдары – Беларусь Республикасынын Бельгия Королдугундагы Элчилигинин / Беларусь Республикасынын Европа Бирлигине караштуу туруктуу Өкүлчүлүгүнүн кеңешчиси.

2006-жылдан 2010-жылга чейин – Беларусь Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жалпы европалык кызматташтык башкармалыгынын башчысы - Европа башкы башкармалыгынын орун басары.

2010-жылдан 2016-жылга чейин – Беларусь Республикасынын Словакия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси.

2016-2022-жылдары – Беларусь Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси, Беларусь Республикасынын Дүйнөлүк соода уюмуна кошулуусу боюнча сүйлөшүү делегациясынын жетекчиси.

2022-жылдын 19-майынан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын соода саясаты департаментинин директору болуп дайындалды.

Англис жана француз тилдеринде сүйлөйт.