Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы

Өмүр баян

1985-жылы Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында төрөлгөн.

2007-жылы Санкт-Петербург мамлекеттик университетин "Дүйнөлүк экономика" адистиги боюнча, ал эми 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын магистратурасын "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" адистиги боюнча аяктаган. 2023-жылы ага экономикалык илимдердин кандидаты окумуштуулук даражасы ыйгарылган.

Мамлекеттик кызматтагы эмгек жолун Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинде баштаган, бул ведомстводо 2008-2010-жылдары иштеген.

2011-2014-жылдары — бизнес-секторунда иштеген.

2014-2017-жылдары — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында иштеген.

2018-2022-жылдары Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басарынын кызматын ээлеген.

2022-2023-жылдары — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Евразия экономикалык бирлигинин иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы.

2023-жылдын 1-мартынан 2024-жылдын сентябрына чейин Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри кызматын ээлеген.

2024-жылдын 12-сентябрынан тарта ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри болуп дайындалган.

Бир катар ведомстволук сыйлыктары бар.

Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Үйлөнгөн, үч баласы бар.