Слепнев Андрей Александрович
1969-жылдын 13-сентябрында Нижний Новгород областынын Бор шаарында төрөлгөн, Россия Федерациясы.
Андрей Слепнёв Лобачевский атындагы Нижний Новгород мамлекеттик университетин "колдонмо математика" адистиги боюнча жана М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетин "юриспруденция" адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек ишмердигин камсыздоо чөйрөсүндө баштап, бир нече жылдын ичинде долбоордун жетекчисинен Россия автокамсыздоочулар бирлигинин башкы директоруна чейинки жолду басып өткөн.
2003-жылдан 2005-жылга чейин – "Россия жумуш берүүчүлөр бирикмесинин Координациялык Кеңеши" бирлигинин башкы директорунун орун басары.
2005-2007-жылдар аралыгында – Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын Приоритеттүү улуттук долбоорлорду коштоо департаментинин башчысы.
2007-жылы Россия Федерациясынын айыл чарба министринин орун басары, ал эми 2009-жылы Россия Федерациясынын экономикалык өнүгүү министринин орун басарынын кызматын ээлеген.
2012-жылдын февралынан 2016-жылдын январына чейин – Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын соода боюнча министри.
2016-жылдын февраль айынан 2018-жылдын апрелине чейин Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын жардамчысы, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин орун басары – Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Долбоордук ишмердик департаментинин директору кызматтарын ээлеп келген.
2018-жылдын май айынан 2020-жылдын февралына чейин – "Россия экспорт борбору" АКнын башкы директору.
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечими менен 2020-жылдын 3-мартынан тартып Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри болуп дайындалган.
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечими менен 2024-жылдын 1-февралынан баштап Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри болуп дайындалган.